Биз менен байланышыңыз

Кемпир-Абад иши: Перизат Суранова камакта калтырылды

Кыска кабар | 27 Дек 2022 | 468 | 0
Сүрөт: Кактус медиа

Бүгүн, 27-декабрда Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад иши боюнча кармалган активисттердин, саясатчылардын жана журналисттердин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча арызды кароо улантылды.

Жарандык активист Перизат Суранованын иши каралып жатканда сот залында апасы Анара Суранова аны ачкачылыгын токтотууну өтүндү. Ал кызы менен көрүшүү үчүн күзөтчүлөрдөн өтүүгө аракет кылды, бирок уруксат берилген жок.

Шаардык соттун чечими менен Перизат Суранова 2023-жылдын 20-февралына чейин камакта калтырылды.

Дагы бир айыпталуучу экс-депутат Орозайым Нарматова сот залында эсин жоготуп, жыгылганы айтылды.

Кемпир-Абадды коргоо комитетинин камактагы мүчөлөрүнүн ондон ашыгы ачкачылык жарыялаган.

Кечээ, 26-декабрдан тарта Бишкек шаардык соту Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын баш коргоо чарасын карады.

№1 тергөө абагына 24 адам камалып, экөө үй камагына чыгарылган. Экинчи инстанциянын чечими менен төмөнкүлөр камакта калтырылды:

Бектур Асанов, Равшан Жээнбеков, Марат Баязов, Атай Бейшенбек, Чынгыз Капаров, Мамбетжунус Абылов, Акыл Айтбаев, Бекчоро уулу Эрлан, Рита Карасартова, Клара Сооронкулова, Перизат Суранова, Гүлнара Журабаева, Илгиз Шаменов, Жеңиш Молдокматов, Али Шабдан, Кубанычбек Кадыров, Кеңешбек Дүйшөбаев, Асия Сасыкбаева.

Copyright © 2017 Maral FM