Биз менен байланышыңыз

«Береке Групп ЛТД» кооперативи боюнча кылмыш иштери иликтенүүдө

Кыска кабар | 27 Дек 2022 | 197 | 0

Ички иштер министрлиги 27-декабрда маалымат таратып, учурда бир нече турак жай кооперативдеринин ишмердүүлүгү иликтенип жатканын билдирди.

Министрликтин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, S-Line турак жай кооперативи жарандарга өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирип, 80ден ашуун кылмыш иши козголгон. Келтирилген материалдык чыгым 79 млн 990 миң сомдон ашык. Аталган коммерциялык эмес турак жай кооперативинин бир катар жетекчилери кылмыш жоопкерчилигине тартылууда.

«Ихсан Групп ЛТД» турак жай кооперативинин ишмердүүлүгү боюнча 500 кылмыш иши козголуп, жарандарга 600 миллион сомдон ашык чыгым келтирилген. Бул коммерциялык эмес турак жай кооперативинин да жетекчилери кылмыш жоопкерчилигине тартылууда.

Андан сырткары, «Береке Групп ЛТД» коммерциялык эмес турак жай кооперативи боюнча кылмыш иштери иликтенүүдө. Бул кооператив боюнча жарандардан 300 арыз түшкөн.

«Мыйзам боюнча коммерциялык эмес турак жай кооперативдерин түзүүгө уруксат берилген. Бирок кооперативдердин кыймылсыз мүлк чөйрөсүндө каржы пирамидасына окшош ишмердүүлүк жүргүзгөндөрү бар. Ушуга байланыштуу, ИИМ жарандарга  коммерциялык эмес турак жай кооперативдери аркылуу үйлөрдү сатып алуу максатында акча каражаттарын салууда тобокелчиликтер бар экендигин эскертет».

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM