Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Нарын облустук милициясынын жетекчиси баштаган 22 кызматкер жазаланды

Кыска кабар | 27 Дек 2022 | 379 | 0

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Нарын облусунун Кочкор районундагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө байланыштуу окуяга тиешеси бар делген райондук ички иштер бөлүмүнүн, ошондой эле облустук милициянын жоопкерчилиги боюнча онлайн кеңешме өткөрдү.

ИИМдин Ички иликтөө кызматы айылдык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы, Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилери кылмыштуу окуяны жаап-жашырып коюшкандыгын аныктаган.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында жалпысынан 22 кызматкер тартип жазасына тартылды, 9у ээлеген кызмат ордунан бошотулду, 3 кызматкер ички иштер органдарынын катарынан бошотулду, калгандары  жогоруда аталган тартип жазаларын алышты.

«Жакында ушуга окшогон дагы бир катар фактыларды жер-жерлерде аныктап, мыйзам чегинде жоопко тартуу процесстери жүрөт» , — деп айтылат ИИМдин маалыматында.

Иликтөөнүн жыйынтыгында төмөндөгүлөр кызматтан алынды:

— Нарын облустук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Алмазбек Жумабеков ээлеген кызмат ордунан бошотулду;

— облустук милициянын Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы А.Үсөналиев,

— Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын Нарын жана Ысык-Көл облусу боюнча башчысы А.Билдебаев,

— ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын ага ыкчам өкүлү Э.Токтосун уулу,

— ыкчам өкүлү Б.Асанов,

— ыкчам өкүлү А.Маратбек уулу,

— Нарын облустук милициясынын Ички иликтөө бөлүмүнүн ага ыкчам өкүлү У.Омоков,

— Кочкор райондук милициясынын нөөмөт бөлүгүнүн ыкчам нөөмөткери З.Кожокматов,

— нөөмөткөрдүн жардамчысы Ч.Иманалиев.

УКМК 25-декабрда Кочкор районунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалганын билдирген. Шектүүлөр Кочкордогу кафелердин биринин кожоюнунан ай сайын 1000 доллар берип турууну талап кылып, эгер аткарбаса кафени өртөй турганын айткан. Кафенин ээси милиция чакырган. Бирок уюшкан топтун мүчөлөрү Камчы Көлбаевдин адамдары экенин, укук коргоо жана ички иштер органдары менен байланышы бар экенин айтып, коркутууну улантышкан. Андан соң шектүүлөр чакырылган милициянын башчысын кол алдындагылардын көзүнчө сабап, окуя болгон жерден из жашырып кетишкен.

Кылмыш ишин тергөө учурунда Кочкор РИИБнин жетекчилиги тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө колдоо көрсөткөндүгү тууралуу маалыматтар алынган. Ошол эле учурда окуяны жаап-жашыруу аракеттери документтештирилген.

Copyright © 2017 Maral FM