Биз менен байланышыңыз

Сузак: Милиция кызматкерлери жана кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Кыска кабар | 27 Дек 2022 | 248 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 1-бөлүгү (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында Жалал-Абаддын Сузак райондук милициясынын бөлүм башчысы жана эки кызматкер кармалды.

Атайын 27-декабрда каралагандай, быйыл 9-декабрда кылмыштуу топтун онго жакын мүчөсү Сузак районунун Ырыс айыл аймагында ок атуучу жана башка куралдарды колдонуу менен каракчылык кылганы аныкталган. Анын кесепетинен «Д.А.» аттуу жаран бычактан алган жаракаттары менен ооруканага жеткирилген.

Бирок Сузактын милиция кызматкерлери жетиштүү материалдардын бар экенине карабастан, оор кылмыш жасаган кылмыштуу топтун мүчөлөрүн табуу жана кармоо боюнча тийиштүү чараларды көрүшкөн эмес жана ири өлчөмдө пара алганы аныкталган.

«Кийин издөөдө жүргөн кылмышкерлердин жакындары менен бир нече жолу жолугуп, алар менен жеке сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кылмышты жашыруу үчүн талап кылынган паранын суммасын айтышкан. Кызматкерлер алардын айрымдарын кармашып, ок атуучу куралдарын (уруксатсыз травматикалык тапанча) тартып алышкан, бирок тиешелүү процессуалдык документтерди толтурбастан, өздөрүнө өткөрүп беришкен. Бул тапанча Сузак РИИБнин ыкчам кызматкерлеринин иш бөлмөсүнөн тинтүү учурунда табылган» , — деп айтылат маалыматта.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 9-декабрда каракчылык фактысын жасаган бул топтун 5 мүчөсү кармалган. Калгандарынын жүргөн жерин аныктоо жана кармоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

УКМК мыйзам бузуулар тууралуу келип түшкөн сигналдар боюнча жергиликтүү аткаруу бийлик органдарынын аракетсиздиги жана жарандардын кайрылууларына көңүл бурбоо мындан ары кылмышкерлерге жардам берүү катары бааланарын эскертет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM