Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: Күн ачык болот

Кыска кабар | 27 Дек 2022 | 134 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 28-декабрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +3…+8;

Талас облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +6…+11;

Жалал-Абад, Баткен, Ош ​облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз +6…+11;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз +3…+8;

Нарын облусунда түнкүсүн -19…-24, күндүз -7…-12;

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5, күндүз +6…+8 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM