Биз менен байланышыңыз

Парламент төрагасы Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Сариевди кабыл алды

Кыска кабар | 27 Дек 2022 | 166 | 0

Бүгүн, 27-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңы шайланган президенти Темир Сариевди кабыл алды.

Бул тууралуу парламенттен кабарлашты.

Нурланбек Шакиев экономиканын өнүгүшүндө Соода-ѳнѳр жай палатасынын мааниси чоң экенин белгилеп, Сариевди ѳнѳр-жай тармагын алдыга жылдыруу, ишкерлерди колдоо жана эл аралык соода байланыштарын кеңейтүүдө жаңы ыкма, заманбап көз карашта жигердүү иштешине ишеним билдирди.

Темир Сариев соода палатасы ишкерлердин башын бириктирген аянтча экенин, башкы максаты — бизнести колдоо, миссиясы —  мамлекеттик мекемелер менен тыгыз иш алып баруу экенин белгиледи.

Кабыл алынып жаткан мыйзам актыларына, тийиштүү чечимдерге карата бизнес коомчулуктун катышуусун камсыздоо алкагында Жогорку Кеңеш менен кызматташарын билдирди.

19-декабрда Соода-өнөр жай палатасына мурдагы премьер-министр Темир Сариев жетекчи болуп шайланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM