Биз менен байланышыңыз

КМШга келерки жылы Кыргызстан төрагалык кылат

Кыска кабар | 27 Дек 2022 | 347 | 0

Президент Садыр Жапаров 26-декабрда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында КМШ лидерлеринин бейформал жолугушуусуна катышты.

орусиянын президенти Владимир Путин өлкө башчылары чакырууну кабыл алып, Санкт-Петербургга жаңы жыл алдындагы салттуу бейформал жолугушууга келгени үчүн баарына ыраазычылык билдирди.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 2022-жылы төрагалык кылган мезгилде уюмдун потенциалын чыңдоо боюнча чаралар боюнча маалымат берди. Ал ошондой эле Кыргызстан КМШга төрагалык кыла турган келерки жылда Садыр Жапаровго ийгиликтерди каалады.

КМШ лидерлеринин бейформал жолугушуусуна Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев катышты.

Copyright © 2017 Maral FM