Биз менен байланышыңыз

ЖОЖдорго кышкы кабыл алуунун артыкчылыктары жана кемчиликтери

Коом | 26 Дек 2022 | 1109 | 0

Кыргызстанда быйыл биринчи жолу жогорку окуу жайларга кышкысын кабыл алуу жүрүүдө. Каттоо бүгүн, 26-декабрда башталып, 28-декабрь күнү аяктайт. Университеттерге кабыл алуу төрт этап менен жүргүзүлөт.

Андан соң, окууга кабыл алууга сунушталгандардын тизмеси 29-декабрь күнү саат 9:00го чейин жайгаштырылат. Абитуриенттер окуй турганын 31-декабрга чейин тастыкташы керек.

9-январдан 11-январга чейин кабыл алуунун экинчи этабы жүрөт.  Ал эми үчүнчү этабы 16-январдан 18-январга чейин, төртүнчү этабы 23-январдан 28-январга чейин созулат.

Быйыл Билим берүү жана илим министрлиги ЖОЖдордогу бош орундарды толуктоо үчүн окууга эки жолу кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн киргизген. Кышкы кабыл алуу үчүн жалпы республикалык тестирлөө 26-27-ноябрда өткөн. Ага 1260 адам катышып, 893 абитуриент 110 же андан жогору балл топтоду.

Эң көп упай 226, эң төмөнү 65 балл болду. Жогорку баллды Бишкек жана Ош шаарынын катышуучулары алган.

Бул жолу ЖРТ тапшырган абитуриенттер үчүн 49 жогорку окуу жайда бош орундар бар. Алардын 17си мамлекеттик, 32си менчик жогорку окуу жайлар. Бирок кышкы кабыл алууда абитуриенттер гранттык орундарга тапшыра албайт.

Билим берүү маселелери боюнча эксперт Кеңешбек Сайназаров абитуриенттерди кышында кабыл алуу жакшы жана керектүү демилге деп эсептейт. Мындай практика өнүккөн өлкөлөрдө колдонулуп келе жатканын эске салды.

“Эгер мурда абитуриенттер бир жолу мүмкүнчүлүк алып, өтпөй калып кийинки тестти бир жыл күтө турган болсо, бүгүн жок дегенде кышында тапшырып, экинчи мүмкүнчүлүк ачылып жатат. Кандайдыр бир себептерден улам ЖРТга жайында катыша албай калгандар, эми кышында тапшыра алышат деген өтө зарыл нерсени берип жатышат”.

Дагы бир билим берүү маселелери боюнча эксперт Саадат Сатарова да бул аракетти жакшы баалайт, бирок буга кызыкдар тараптар бар деп белгиледи. Ал университеттерди студенттердин саны менен толтурбай, алардын окуу сапатына көңүл буруу зарылчылыгына токтолуп, кесипкөй адисти окутуп чыгаруу керектигин айтты.

“Бир жагынан жакшы, бир жагынан кемчилиги да бар. Менин оюмча буга кызыкдар тараптар бар. Жайкы ЖРТдан көп бош орундар калып калган, жарым ставкада иштеп жаткан мугалимдер аябай көп болгондуктан аларга айлык маянаны жогорулатуу үчүн да кошумча группаларды ачууну көздөөдө. Айрыкча чет элдик студенттерди кабыл алууга кызыкдар ЖОЖдор бар. Алардын контракт акысы да жогору, бул болсо мугалимдердин айлыгын, окуу жайды материалдык-техникалык база менен камсыз кылууга өбөлгө түзөт.”

Ош мамлекеттик университетинин кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Мирланбек Убайдуллаевдин айтымында, кампания ЖОЖдор үчүн да, абитуриенттер үчүн да оң натыйжаларды берет. Себеби бул ноябрь айында ЖРТдан өткөндөр үчүн гана эмес, май айында дагы студент болуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүк. Анткени, тесттин жыйынтыгы бир жылга жарактуу.

Ал аталган университетте кышкы кабыл алууда 4,5 миңге жакын бош орун берилгенин жана кайсы адистиктерге суроо талап жогору болуп жатканына токтолду.

“Бүгүнкү күндөн баштап старт берилди. Абитуриенттердин келиши жаман эмес. ЖРТга жалпысынан 1200дөй студент гана катышкан. Негизинен медициналык, экономикалык, юриспруденция, педагогика жана IT технологиялар боюнча бөлүмдөргө суроо талап көп болуп жатат”.

Кышта кабыл алынган студенттерге окуу жылы 6 айга кеч аяктайт.

Кышкы кабыл алууда бош багыттарга тапшыра алган студенттер кышкы каникулдан кийин биринчи семестрин окуп баштайт. Алар күздөн баштап окуган группаларга кошулбайт. Өзүнчө график түзүлүп, окуу жылы да алты айга кеч аяктайт.

Жайкы жалпы республикалык тестирлөөгө 51 миң абитуриент катышып, анын 57 пайызы же 29 миңи гана босого балдан өтө алган.

Copyright © 2017 Maral FM