Биз менен байланышыңыз

«Президентти калпычы кылып жатасыңар». Активист сотторду сындады (видео)

Кыска кабар | 26 Дек 2022 | 947 | 0
Сүрөт Зымырат Эркинбекова

Бүгүн, 26-декабрда Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад иши боюнча кармалып жаткан саясатчы, активисттедин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча апелляциялык арызды кароо улантылды. Соттун чечими менен жалпы сегиз адам абакта калтырылды.

Алар — Мамбетжунус Абылов, Акылбек Айтбаев, Эрлан Бекчоро, Бектур Асанов, Равшан Жээнбеков, Атай Бейшенбек, Чыңгыз Капаров, Марат Баязов.

Отурумда жарандык активист Эрлан Бекчоро уулу соттор менен тергөөчүлөр президентти укпай жатат деп сындады.

«Президент маек бергенде айтып жатат, «бардык чечимди сот кабыл алат, 30 жылдан бери мындай сот реформасы болгон эмес, баары адилеттүү болуп калды, прокурор, тергөөчү өз чечимдерин кабыл алышат, баары адилеттү болду» деп жатат. Анда мага ой келет, соттор президенти укпайсыңарбы же теңиңерге албайсыңарбы? Силер өлкө башчыны калпычы кылып жатпайсыңарбы? Конституциянын 66-беренесинин 3-бөлүгундө президент адам укуктарынын жана эркиндиктеринин кепили болуп саналат деп жазылып турат. А бүгүн соттор эмне деген чечим кабыл алып жатат?» , — деди ал.

Эрлан Бекчоро уулунун айтымында, Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандарды ар кандай жалган жалаалар менен кармап турушат. Өзү үй-бүлөлүү жана эки балалуу экенин жактоочулар айтып жатса да, токтомдо «никесиз» деп жазып коюшкан.

Кемпир-Абадды коргоо комитетинин камактагы мүчөлөрүнүн 17си ачкачылык жарыялашкан. Айрымдары ден соолугуна байланыштуу ачкачылыкты токтоткон. Жогорку Кеңештин экс-депутаты Орозайым Нарматова менен активист Перизат Суранованын абалы кескин начарлап кеткени белгилүү болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM