Биз менен байланышыңыз

Кемпир-Абад иши. Мурдагы элчи камакта калтырылды

Кыска кабар | 26 Дек 2022 | 423 | 0

Бүгүн, 26-декабрда Кемпир-Абад иши боюнча кармалган мурдагы элчи Мамбетжунус Абыловдун коргоо чарасы каралып, Бишкек шаардык соту райондук соттун чечим күчүндө калтырды.

Соттук отурмда Абылов ден соолугу кескин начарлап кеткендигин айтып, ооруканага дарыланууга уруксат берүүнү өтүндү. Бирок соттун чечими менен ал камакта калтырылды.

Бишкек шаардык соту Бектур Асанов, Равшан Жээнбеков, Атай Бейшенбек, Чыңгыз Капаров, Марат Баязов жана Мамбетжунус Абыловдун бөгөт чарасы карап, камакта калтырды.

Эртең, 27-декабрда Перизат Суранова, Клара Сооронкулова, Жениш Молдокматов, Таалайбек Мадеминов, Али Шабдан, Кубанычбек Кадыровдун баш коргоо чарасын кароо күтүлүүдө.

Кемпир-Абадды коргоо комитетинин камактагы мүчөлөрүнүн 17си ачкачылык жарыялашкан. Айрымдары ден соолугуна байланыштуу ачкачылыкты токтоткон. Жогорку Кеңештин экс-депутаты Орозайым Нарматова менен активист Перизат Суранованын абалы кескин начарлап кеткен.

Саясатчы, активист жана блогерлер Кемпир-Абад иши боюнча 23-октябрда кармалган. Аларга ички иштер министрлиги «массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып койгон. Кемпир-Абадды коргоо боюнча комитет 22-октябрда түзүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM