Биз менен байланышыңыз

Соңку жумада сасык тумоо менен ооругандардын көрсөткүчү азайды

Кыска кабар | 26 Дек 2022 | 260 | 0

Акыркы бир жуманын ичинде курч респиратордук вирустук инфекция жана сасык тумоо менен ооругандар азайды. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин басма сөз кызматынан кабаралашты.

Маалыматка ылайык, 19-декабрдан 25-декабрга чейин республика боюнча 32 миң 756 бейтап КРВИ жана 120 адам сасык тумоо менен катталган. Бейтаптардын 64,3% 14 жашка чейинки балдар түзөт (21 миң 71 учур). Өткөн жумага салыштырмалуу оорунун 17,2 пайызга төмөндөшү байкалган.

Департамент сасык тумоо, коронавирустук жана курч респиратордук вирустук инфекция сыяктуу ооруларды алдын алуу үчүн жөнөкөй эрежелерди сактоо керектигин эскертти:

  • Беткап тагып жана социалдык аралыкты сактоо;
  • Оорубаш үчүн жөтөлүп чүчкүрүп жаткан адамдардан алыс болуу зарыл;
  • «Жөтөлүү этикетин» сактап жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө ооз мурунду жаап чүчкүрүү жана ооз, көз, мурунду кармоодон алыс болуу зарыл:
  • Дайыма колду самын менен жууп же спирт аралашкан кол тазалагычтар менен сүрүү зарыл;
  • Эгер мүмкүн болсо, топтошкон жерлерде жүрүү мөөнөтүн кыскартуу;
  • Дайыма терезелерди ачып, бөлмөнү желдетип туруу;
  • Эгер сиз ооруп калсаныз, үй-бүлөнүздүн башка мүчөлөрүнө жуктурбаш үчүн медициналык бет кап тагыныңыз жана аны 4 саат сайын алмаштырууңуз зарыл;
  • Бейтапты өзүнчө бөлмөгө бөлүп, өзүнчө идиш, бет арчы менен камсыз кылып, бөлмөнү тазалап желдетип туруу;
  • Дарыгерге кайрылуу зарыл – дарыгер гана туура дарыланууну сунуштайт;
  • Эгер балдырыныз же сиз ооруп калсаныз үйдө болуп, балдарды мектепке, бала бакчага жибербеңиз;
  • Өзүнөрдү-өзүнөр дарылоодон алыс болгула, анткени өзүн-өзү дарылоо оорунун ар кандай оорлошуна алып келүүсү мүмкүн.

Copyright © 2017 Maral FM