Биз менен байланышыңыз

Мас абалда унаа айдаган министрдин орун басарына айып салынды

Кыска кабар | 26 Дек 2022 | 273 | 0

Финансы министринин орун басары Руслан Татиков мас абалында унаа башкарганы үчүн айыпка жыгылды. Бул маалыматты Милициянын кайгуул кызматы тастыктады.

Маалыматка караганда, 22-декабрга караган түнү инспекторлор тарабынан министрдин орун басарына тийиштүү делген унаа токтотулган. Наркологияда анын ичимдик колдонгону аныкталган. 

Мас абалында унаа башкарганы үчүн аткаминерге 17,5 миң сом айып салынып, «Лексус 330» унаасы айып жайга киргизилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM