Биз менен байланышыңыз

Кытайдан автошаты жана өрт өчүрүүчү унаалар алынды

Кыска кабар | 26 Дек 2022 | 223 | 0

Кыргызстан Кытайдан жүз даана өрт өчүрүүчү унаа сатып алды. Анын 85и алып келинди. Бул тууралуу 26-декабрда өткөн маалымат жыйында өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов кабарлады.

Анын айтымында, Кытайдан келе турган калган 15 өрт өчүрүүчү унаанын ичинде 50 метрлик автошаты да (АКП-50) бар, 10у авариялык-куткаруучу иштерге колдонулат.

Шамырканов Орусиядан да 40 даана өрт өчүрүүчү унаа алынганын, анын 10у алып келингенин маалымдады, калганы келерки жылы алып келинет.

Быйыл 25-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигине акыркы үлгүдөгү «Кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу» (ERIK)  долбоору аркылуу 58 өрт өчүрүүчү унаа алынган.

Министрликтин маалыматына караганда, өлкөдө мындай өрт өчүрүүчү унаалар 2008-жылдан бери алынган эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM