Биз менен байланышыңыз

Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын баш коргоо чарасы каралат

Кыска кабар | 26 Дек 2022 | 274 | 0

Бүгүн, 26-декабрда Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад иши боюнча кармалып жаткан саясатчы, активисттедин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча апелляциялык арыз каралат.

Бүгүн Бектур Асанов, Равшан Жээнбеков, Марат Баясов, Чынгыз Капаров, Мамбетжунус Абылов, Эрлан Бекчоро уулу, Рита Карасартованын баш коргоо чарасы каралат.

Эртең, 27-декабрда Перизат Суранова, Клара Сооронкулова, Жениш Молдокматов, Таалайбек Мадеминов, Али Шабдан, Кубанычбек Кадыровдун баш коргоо чарасын кароо күтүлүүдө.

Кемпир-Абадды коргоо комитетинин камактагы мүчөлөрүнүн 17си ачкачылык жарыялашкан. Айрымдары ден соолугуна байланыштуу ачкачылыкты токтоткон. Жогорку Кеңештин экс-депутаты Орозайым Нарматова менен активист Перизат Суранованын абалы кескин начарлап кеткен.

Саясатчы, активист жана блогерлер Кемпир-Абад иши боюнча 23-октябрда кармалган. Аларга ички иштер министрлиги «массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып койгон. Кемпир-Абадды коргоо боюнча комитет 22-октябрда түзүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM