Биз менен байланышыңыз

“Жаңы ысымдар” фестивалынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Кыска кабар | 25 Дек 2022 | 194 | 0

Кечээ, 24-декабрда студенттердин республикалык “Жаңы ысымдар” фестивалы жыйынтыкталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өттү.

Иш-чарага Маданият, маалымат , спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Түмөнбай Колдошов катышып, фестивалга катышкан студенттерди куттуктап, аларга бекем ден соолук жана чыгармачылык ийгиликтерди каалады. Калыстар тобунун чечими менен фестивалдын катышуучуларына ар кандай номинация боюнча сыйлыктар ыйгарылды.

Баш байге — гран-при

Кыргыз улуттук академиялык Т. Абдумомунов атындагы драма театрынын театр окуу жайынын 3-курсунун «Он экинчи күн» (авт. М. Байжиев) спектаклине ыйгарылды.

1-орун

Өзбекстан мамлекеттик искусство жана маданият институтунун «Турандот» (авт. Карло Гоции) спектаклине ыйгарылды.

2- орун

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Көркөм өнөр факультетинин Театр искусствосу бөлүмүнүн 3-курсунун «8 аял» (авт. Робер Тома) спектаклине ыйгарылды.

3-орун

Кыргыз мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинин «Театр» факультетинин 5-курсунун «Адамзат» (авт. Меджа Мванги) спектаклине ыйгарылды.

Андан тышкары эң мыкты режиссура, эң мыкты артисттик ансамбль, аялзатынын ролун эң мыкты аткаргандыгы үчүн байге ж.б. бир катар номинациялар боюнча фестивалга катышып, өнөр тартуулаган студенттерге байгелер тапшырылды. Белгилүү болгондой, актёрлук чеберчилик жаатында билим алып жаткан студенттердин “Жаңы ысымдар” республикалык театр фестивалы быйыл жетинчи ирет уюштурулду.

Фестивал жаш өнөрпоздорду колдоо максатында жыл сайын өткөрүлүп келет.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM