Биз менен байланышыңыз

Экоактивисттер Бишкек мэриясын жаңы жылдык фейерверктен баш тартууга үндөдү

Кыска кабар | 24 Дек 2022 | 343 | 0

«MoveGreen» экологиялык коомдук уюмунун өкүлдөрү Бишкек мэриясын жаңы жылга караган түнү салюттарды аттыруудан баш тартууга үндөдү. Бул тууралуу кайрылуу уюмдун Фейсбуктагы баракчасында жарыяланды.

«MoveGreen» уюму билдиргендей, фейерверктерди аттыруу экологиялык абалга терс таасирин тийгизет.

«Фейерверктер көмүркычкыл жана уулу газдарды чыгарып, климаттын өзгөрүшүнө таасирин тийгизет. Абага ондогон оор металдардан тышкары зыяндуу PM2,5 бөлүкчөлөрү да тарайт. Алар менен дем алуу иммунитетти төмөндөтүп, респиратордук ооруларга алып келет», — деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө.

Экологдор Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен салют жана башка пиротехникаларды аттыргандарга айып пул салууну сунуштоодо.

Бишкек мэриясы быйыл Ала-Тоо аянтындагы жаңы жылдык майрамдар түстүү фейерверктерди атуу менен аяктай турганын билдирген. Ага шаардык бюджеттен 755 миң сом каралган.

Бишкек соңку жылдары дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын катарына кошулду. Дүйнөлүк World Air Quality Index порталынын көрсөткүчү боюнча Бишкек эң булганыч шаарлардын сап башына байма-бай чыгып турат.

Copyright © 2017 Maral FM