Биз менен байланышыңыз

Президент иш сапары менен Баткен облусуна барат

Кыска кабар | 24 Дек 2022 | 304 | 0

Президент Садыр Жапаров 24-25-декабрда иш сапары менен Баткен облусуна барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысы сапардын жүрүшүндө чек ара аймактарын калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү, ошондой эле бир катар инфраструктуралык жана өнөр жай объектилеринин абалы менен таанышат.

Мындан тышкары, президент Садыр Жапаров аймактагы ички жолдорду реконструкциялоонун жүрүшүн көрөт.

Copyright © 2017 Maral FM