Биз менен байланышыңыз

Жаштардын коомду өнүктүрүүдөгү ролу талкууланды

Коом | 23 Дек 2022 | 544 | 0

Бүгүн, 23-декабрда Бишкек шаарында “Кыргыз жараны” концепциясынын контекстинде “Кыргыз Республикасында жаштардын коомду өнүктүрүүдөгү ролу” аттуу II Республикалык илимий-практикалык жаштар симпозиму болуп өттү.

Иш-чара “Ыйман” фонду, бир катар министрликтер, президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы тарабынан уюштурулду.

Президентке караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын үчүнчү курсунун студенти Нурхан Орозбеков бүгүнкү иш-чарага атайын баяндама даярдап келген. Ал “Жаштарды руханий адеп ахлактык жактан тарбиялоо” деген темада ой айтты. Ушул маселе боюнча бүгүнкү күндөгү көйгөйлөр жана мамлекетте улуттук идеологиянын жоктугу тууралуу анализдеринин жыйынтыгы менен бөлүштү.

“Баяндамада мен көйгөйлөрдү анализдеп чыгып өзүмдүн сунуштарымды бердим. Негизги көйгөйлөр бул – азыркы учурда мамлекеттин чыныгы улуттук идеологиянын жоктугу жана билим берүү системасында ушул жөнүндө толук кандуу иш-чаралардын, атайын программалардын жоктугу. Мындан сырткары улуттар арасындагы ынтымак жана азыркы жаштардын адеп ахлактык, руханий тарбияга кош көңүл жан кайдыгер мамилеси. Ошонунун негизинде менен бир нече сунуштарды бердим: Жаштарды адеп ахлактык тарбиялоого биз ата-энеден жана бала бакчадан башташыбыз керек. Баяндамама Манас атабыздын 7 осуяты өзү эле идеология болгондуктан, анын негизинде жаштардын адеп ахлактык тарбиялоо боюнча мурдагы эки-үч концепцияны бириктирип Манас атабыздын 7 осуятынын алкагында жаңы концепция иштеп чыктым. Эгер ушундай иш-чараларды өткөрүп, аракеттерди көрсөк жакшы жетишкендиктерге жетебиз деп ишенем.”

Борбор калаанын жогорку окуу жайларынын биринде экинчи курста окуп жаткан Улук Кубанычбек уулу жаштарды руханий жана адеп ахлактык тарбиялоонун жолдору жөнүндө баяндама даярдап келген.

“Баяндамада жаштардын татыктуу тарбиялуу жана талыкпас билимдүү болуусу, кесипкөйлүк жана адамгерчилик сапаттардын сакталышы көрсөтүлгөн. Анда бүгүнкү күндөгү жаштардын орду, алардын руханий жана материалдык баалуулуктарынын карама-каршылыгы туурасында анализ жана сунуштар көрсөтүлгөн. Билим, байлык, бийлик – ушул үч негизде баяндамамдын өзөгүн көрсөткүм келген. Ошондой эле муну кандай жолдор менен жайылтууга аракет кыла аларыбыз да жазылган. Мисалы, кыргыз эли эзелтен бери коллективдүүлүк аркылуу биргелешип иш алып барышкан. Ушул жерден ашар идеологиясын көрсөткүм келген”.

Жаштар симпозиумунун максаты — “Кыргыз жараны” концепциясын өнүктүрүү үчүн жаштарга аянтча түзүү болуп саналат.

“Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы Зикрулло Махамат уулу белгилегендей, мындай аянтча өз ара ишенимди пайда кылып, маданий айырмачылыктардын көп түрдүүлүгүнө оң карап, өлкөнү туруктуу өнүктүрүү үчүн көп этностук жана конфессиялык шарттарда баалуулуктардын жалпылыгы аркылуу өнүктүрүүгө салым кошууга өбөлгө түзөт.

Мындан сырткары симпозиум Кыргызстанда билим берүүнү, илимий ишмердүүлүктү жогорулатууга түрткү берүү, маалымат алмашуу практикасын кеңейтет.

“Баарыбызга маалым болгондой бүгүнкү күндө ааламда баары күч менен эмес, акыл менен таймашып жатат. Бизде учурда жаш илимий изилдөөчүлөр көп. Алардын баарын бир ортого алып келип, активдүү аянтча түзүп берүү зарылчылыгы турат. “Кыргыз жараны” концепциясын ишке ашырууда жаштардын ролу аябагандай чоң экенин көрсөтүшүбүз керек”.

“Кыргыз жараны” концепциясынын негизги максаты — улутуна, динине карабай өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошо турган муунду калыптандырууга багытталган.

Документ 2020-жылы ноябрь айында президент тарабынан кабыл алынган. 2026-жылга чейин улуттардын биримдигин бекемдей турган ондогон иш-чаралар өткөрүлөрү пландалганын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу билдирди.

“Ар бир коомдо, мамлекетте жаштардык салымы күч болот. Кандайдыр бир мамлекеттик программа же президенттин жарлыгы болобу, маанилүү документти жаштарсыз аткарууга мүмкүн эмес. Ошол себептен биз бүгүн иш-чаранын алкагында жаштардан суранып өтүндүк, “Кыргыз жараны” концепциясын ишке ашырууда ролу жана орду чоң экенин белгилеп биз менен чогуу иш алып барууга чакырдык. 2023-жылдын планына жаштар менен дагы да ишти улантууга максаттарды койдук”.

Жаштар симпозиумунун алкагында 120 студенттин арасынан баяндамаларды даярдоо боюнча сынак жырыяланган. Иш-чаранын жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып, аларга сыйлыктар да тапшырылды.

Copyright © 2017 Maral FM