Биз менен байланышыңыз

Экс-министр Осоев Кыргызстандын Жапониядагы элчиси болот

Кыска кабар | 22 Дек 2022 | 566 | 0

Эркинбек Осоев Кыргызстандын Жапониядагы элчиси болот. Бул тууралуу «Марал» радиосуна жеке булактар кабарлашты.

Эркинбек Осоев 2021-жылдын августунан 2022-жылдын октябрь айына чейин Транспорт жана коммуникациялар министри болуп иштеди.

Ушул жылдын 19-августунда эмгек кодексинин 146-статьясына ылайык, жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбаганы үчүн президент Садыр Жапаров Эркинбек Осоевге сөгүш берген.

Президенттин басма сөз кызматы Эркинбек Осоев жана башка жетекчилерге президенттин «Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» жарлыкты ишке ашыруудагы кемчиликтер үчүн эскертүү берилгенин билдирген.

Быйыл 2-августта Кыргызстандын Жапониядагы элчиси болуп иштеп турган Мирлан Арстанбаев кызматынан бошотулган. Ал 2019-жылдын 6-мартынан бери элчи кызматын аркалап келген.

Эркинбек Осоевдин өмүр баяны жана эмгек ишмердүүлүгү

Эркинбек Осоев 46 жашта. Билими жогору. 2000-жылы Кыргыз тоо-металлургиялык институтун инженер-эколог адистиги боюнча аяктаган.

2007-2009-жылдары Йокогама (Япония) шаарындагы улуттук университеттин магистратурасында окуган.

1993-1995 — «А.К.А. Лтд» ЖЧКсынын жумушчусу;

2000 — жылы «Кыргызжолтрансдолбоор» мамлекеттик ишканасынын техник-лаборанты;

2000-2001 — жылдары «Дар Аль-Хандаса А.С.» консалтинг компаниясынын инженер-консультанты;

2001-2004 — жылдары «А.К.А. Лтд.» ЖЧКсынын директорунун ассистенти;

2004-2005 — жылдары «Кыргызжолтрансдолбоор» ишканасынын инженери;

2005-2006 — жылдары Бишкек — Кордай автожолун реконструкциялоо боюнча «Дар Мухендислик Мушавирлик А.С.» консалтинг фирмасынын инженер-консультанты;

2006-2007 — жылдары Транспорт жана коммуникация министрлигинин Унаа жолдор башкармалыгынын башкы адиси;

2009 — жылы Транспорт жана коммуникация министрлигинин бөлүм башчысы;

2009-2010 — жылдары Транспорт жана коммуникация маалымат-аналитикалык башкармалыгынын башчысынын орун басары;

2011-2016 — жылдары Транспорт жана коммуникация министрлигинин инженер-жолчусу;

2016-2017 — жылдары транспорт жана коммуникация министринин орун басары;

2017 — жылы Ислам өнүктүрүү банкынын инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тобунун башчысы;

2021-жылдын август айынан 2022-жылдын октябрь айына чейин транспорт жана коммуникация министри.

Copyright © 2017 Maral FM