Биз менен байланышыңыз

«Сөзсүз сөөгү чыгыш керекпи?» Парламентте абактагы аялдардын маселеси көтөрүлдү

Кыска кабар | 22 Дек 2022 | 563 | 0

Жогорку Кеңештеги «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров парламенттин 22-декабрдагы жыйынында Кемпир-Абад иши боюнча кармалган жарандардын саламаттыгы тууралуу маселе көтөрдү.

Ал 28 жаран түрмөдө мыйзамсыз кармалып отурганын, эки аялдын ден соолугуна катуу коркунуч келип турат деген эскертүүгө парламент баш болуп кайдыгер карап жатышканын айтты.

«Кайгылуу окуяга алып келиши мүмкүн деп дарыгерлер коңгуроо кагып жатышат. Бул жерде Жогорку Кеңеш эч нерсе болбогондой «бюджетти, статусту, регламентти карайлы» деп коюп, отурат. Же сөзсүз Марат Казакпаевге окшоп, сөөгү чыгышы керекпи? Бул жерде мыйзам, Конституция бузулбагандай, тымпыйып отургандын өзү — кайдыгерлик. 28 үй-бүлө сыздап отурат, биз жылуу-жумшак отуруп, мыйзамдарды кабыл алып отурабыз, бир нерсени өзгөртөбү бул? Жогорку Кеңеш эмнеге таасир эте алат, өз маселебизди чечкенден башка эмне кылып атабыз?» , — деди Мадумаров.

Депутат соңку кезде Конституция одоно бузулуп жатканы боюнча комиссия түзүүнү суранды.

Абактагы аялдар тууралуу президентке депутат Дастан Бекешев да кайрылды.

Бир күн мурун Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын адвокаттары Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин төрайымы Чолпон Султанбековага кайрылышкан. Кайрылуу юрист Асыл Айтбаеванын фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

Кармалгандардын жакындары 20-декабрда акцияга чыгып, аларды бошотуу өтүнүчү менен президент Садыр Жапаровго кайрылышкан. Алар абактагы саламаттыгы начарлап жаткан аялдардын баш коргоо чарасын өзгөртөрүнөн үмүт кылышат. Ошондой эле ишти кароодо мыйзамдуулуктун сакталышын талап кылышууда.

Кемпир-Абадды коргоо комитетинин камактагы мүчөлөрүнүн 17си ачкачылык жарыялашкан. Жогорку Кеңештин экс-депутаты Орозайым Нарматова менен активист Перизат Суранованын абалы кескин начарлап кеткен.

Президент Садыр Жапаров 17-декабрда «Кабар» маалымат агенттигине курган маегинде абактагы аялдарды үй камагына чыгаруу боюнча оюн билдирип, «мурдараак кыздарын, аялдарын тыйып, акыл үйрөтүүгө тийиш болчу» деген пикирин айткан.

Copyright © 2017 Maral FM