Биз менен байланышыңыз

Бишкек: Акимчилик электромобиль кубаттоочу станция куруу үчүн инвестор издейт

Кыска кабар | 22 Дек 2022 | 407 | 0

Бишкектин Биринчи май райондук акимчилиги мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында электр унааларына станцияларды орнотуу үчүн инвесторлорду издейт. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.

«Шаардын экологиясын жана таза абасын сактоо маанилүү милдеттердин бири, мындан тышкары борбордо электр менен жүрүүчү унаалардын саны көбөйүүдө. Ушуга байланыштуу, долбоордун алкагында Биринчи май районуна электр унаалары үчүн атайын станцияларды орнотуу пландалып жатат» , — деп айтылат маалыматта.

Учурда шаардык кызматтар менен макулдашып, станциялардын ордун аныктоо иштери жүрүп жатканы айтылды.

Инвесторлор, кызыкдар жарандар толук маалыматты төмөнкү даректен алса болот:

Бишкек шаары, Жибек Жолу көч. 348, Биринчи май муниципалдык администрациясынын имараты, маалымат үчүн байланыш телефону: +996 (312) 661 537.

Мирзиёев: Миңге жакын мамлекеттик ишкананы жеке менчикке сатабыз

Министрлер кабинети ноябрь айында электромобилдердин кубаттоочу станцияларынын инфратүзүмүн өнүктүрүү жана транспорттун бул түрүн жайылтуу үчүн сунуштарды иликтей турган жумушчу топ түзгөн.

Жумушчу топко бир айда сунуштарды жана тийиштүү иш-чаралардын планын иштеп чыгуу тапшырылган. Жумушчу топту президенттин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысы Алмаз Исанов жетектейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM