Биз менен байланышыңыз

АКШ Украинага бул жолу 1,8 млрд долларлык аскерий жардам берет

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Дек 2022 | 549 | 0

Украинанын президенти Владимир Зеленский Вашингтондо АКШ лидери Жо Байден менен сүйлөштү. Бул Орусиянын Украинага басып киргенден бери Украина президентинин биринчи чет элдик сапары.

Сүйлөшүүлөрдөн кийинки биргелешкен маалымат жыйында АКШ Украинага кошумча 1 миллиард 850 миллион долларлык аскерий жардам берип жатканы, анын ичинде «Патриот» зениттик-ракеталык комплексин Украинага өткөрүп бергени жарыяланды.

Жо Байден АКШ Украинага абадан коргонуу системаларын гана бербестен, аскерлерди комплексти жогорку тактык менен колдоно ала тургандай окута турганын белгиледи.

Euronews басылмасынын маалыматына караганда, украин лидери АКШга Польшадан АКШнын Аскер-аба күчтөрүнүн бортунда келген, ал жакка Киевден поезд менен барган.

Бул жолу Жо Байден Владимир Зеленскийди “Украинадагы согуштун жаңы этабына байланыштуу” Вашингтонго чакырганы айтылды.

Зеленский Батышты Киевди заманбап согуштук танктардан тарта ракетадан коргонуу системаларына чейин өнүккөн куралдар менен камсыздоого чакырып жатат. Украинанын президенти душман армиясын көбөйтүп жаткандыктан, азыр өлкө оор абалда экенин баса белгиледи.

Зеленский Вашингтонго иш сапары менен барган күнү Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу орус армиясынын санын дагы 30% көбөйтүп, бир жарым миллион кишиге жеткирүүнү сунуштады.

Ал сапар алдында Твиттерде АКШга «Украинанын туруктуулугун жана коргонуусун бекемдөө» үчүн бара жатканын жазган.

Зеленский Вашингтондо бир нече эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, АКШ Конгрессинин алдында сөз сүйлөдү.

Зеленскийдин 21-декабрда Вашингтонго сапары Орусия президенти Владимир Путинге «АКШ Украинаны колдоону улантат» деген белги болот деп билдирди Ак үйдүн расмий өкүлү.

Copyright © 2017 Maral FM