Биз менен байланышыңыз

«Бир литр сүттүн баасы бензинден да кымбат»

Коом | 21 Дек 2022 | 1843 | 0

Кыргызстанда сүттүн баасы күндөн күнгө өсүп бара жатат. Учурда айрым дүкөндөрдө бир литр сүт 65 сомдон сатылса,  кээ бир жерлерде 72 сомго чейин кымбаттаган, ал эми айрым фирмалар сүттүн литрин 118 сомдон сатышууда. Мындан улам, сүт азыктары — каймак, быштак, сыр, май жана башкалар да кымбаттады.

Ошол эле учурда сүт өндүрүүчүлөр, саан уй кармаган фермалар «сүт заводдору бааны атайын көтөрбөй жатат» деп нааразы болушууда.

Учурда фермерлер бир литр сүттү 16-17 сомдон сатышат. Ал эми сүттү кайра иштетүүчү компаниялар баанын түшүшү жаз мезгилинде боло турган кадыресе көрүнүш экенин айтышууда.

Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Отрадный айылынын тургуну Зыйнат Асакеева күнүнө 35-40 литр сүт чогултат. Ал сүтүн айылдагы эле сүт алган кишиге өткөрөрүн айтып буларга токтолду:

“Айыл жергесинде башка жумуш, айлык-акы жок болгондуктан, сүт сатып биз күнүмдүк жаныбызды багып келе жатабыз. Жайында сүт 20 сомдон болуп калат, себеби уйлар тууйт, сүт көбөйүп калат. Ал эми кышында болсо сүт азайып, компаниялар баасын көтөрүп коюшат.

Сүттүн баасын негизи көтөрүп коюшса жакшы болот эле. Себеби тоют, жем кымбат болуп жатат.”

Чүй облусундагы сүт иштетүүчү компаниялардын биринин өкүлү Самат Орозкуловдун айтымында, Кыргызстанда кыш мезгилинде сүттүн баасынын өсүшү көп жылдан бери кайталанат. Андан сырткары буга ортомчулар да себепкер болууда.

Ал кышында фермерлер компанияларга сүттү кымбат өткөрүп жатышканын айтып, сүт саткандар “дайыма нааразы” болуп келишкенин белгилейт.

“Эл ар кандай болот экен. Мисалы, айрымдар: “Мен бул сүт менен элди ичирип-жедирип жатам, таза кылайын”, десе, башкалар болсо суу, акиташ кошуп, малдарга антибиотик сайдырышат. “Сүттөн антибиотик чыгып калып жатат”, — деп ызы чуу салгандар көп болуп жатпайбы. Ошол антибиотикти сүттү кайра иштетүүчү компаниялар эмес, сатып жаткан эл өзү кошуп жатат. “Мал оорубасын, семиз болсун”, — деп Европада, Америкада кошулган ар кандай дарыларды малдарына берип сайын жатышат”.

Сүткө кошула турган кошулмалар туурасында сүт чогулткан Зыйнат Асакеева ырастады. Ал кээ бир тургундар суу, акиташ жана дагы башка кошулмаларды кошуп коерун белгиледи.

Маалыматтарга караганда, сүттү кайра иштетүүчү компаниялар азыркы тапта литрин 35-40 сомдон алып жатышат.

Бүгүнкү күндө сүт рыногу атаандаштык рынок болуп эсептелинет. Буга байланыштуу сүт азыктарынын баасын түздөн түз жөнгө салуу мыйзамдарда каралган эместигин Монополияга каршы мамлекеттик агенттигинин жетектөөчү адиси Слан Нурманбетов белгилеп, буларга токтолду.

“Сүт – социалдык жактан маанилүү товарлардын тизмесине кирет. Ошондуктан бир айдын ичинде 20%га чейин жогорулаган учурда министрлер кабинети тарабынан сүттүн баасын жөнгө салуу боюнча тийиштүү чечим кабыл алынышы мүмкүн. Ал эми сүт рыногундагы үстөмдүк абалды ээлеген чарбалык субьекттерге бүгүнкү күндө монополияга каршы кызматы тарабынан экономикалык статистикалык байкоо жүргүзүлөт. Ал байкоодо жөнгө салуу каралган эмес. Анын жыйынтыгында монополияга каршы мыйзамдарда белгиленген тартиптерди бузган учурларда чарбалык субьекттер тиелешүү жооперчиликке тартылат”.

Фермерлердин айтымында, мал багуу күндөн күнгө кыйынчылыктарды туудуруда. Себеби бир таңгак чөп 250-300 сомдон турат. Жүгөрүнүн бир килограммы – 20 сом болсо, бир күндө бир малга үч килограмм керектелет. Азыркы кургачылыктан улам уй эң көп дегенде 15 литр сүт берет, ал тургай асыл тукум уйлар 10 литрден гана берип жатат.

Айыл тургундарынын айтымында, малдын саны да азайды: эгерде мурда айрым айылдарда уй ар бир үйдө болсо, эми алар бир короодо бүт көчөгө багылат. Өз талаалары барлар гана уйларды багууга мүмкүнчүлүк алышат. Калгандары малды багуу пайдасыз болгондуктан сатып жатышканын айтышты.

 

Copyright © 2017 Maral FM