Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги эл аралык турнирде кыргыз балбандары жеңүүчү болушту

Кыска кабар , Спорт | 21 Дек 2022 | 937 | 0

Кечээ, 20-декабрда Иван Поддубныйдын балбандар лигасынын кезектеги мелдешинде кыргызстандык балбандар атаандаштарын жеңип алды.

Мелдеш Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда болду. Күрөштүн грек-рим түрүнөн 60 кг салмакта Жоламан Шаршенбеков Орусиялык балбан Анвар Аллахьяров менен кармашып, экинчи мүнөттө атаандашы жаракат алып, жеңиш Шаршенбековго ыйгарылды.

Мындан тышкары, Үзүр Жузупбеков 97 кг салмакта Европа чемпионатынын байге ээси Александр Головин менен тең чыгып, акыркы жасаган ыкмасы үчүн кыргызстандык балбанга жеңиш ыйгарылды.

Ал эми Токио Олимпиадасынын коло байгесинин ээси Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер күрөшүнүн 68 кг салмакта Орусиянын бир нече жолку чемпиону Ксения Буракова менен күрөшүп, 6:2 эсебинде жеңип алды.

Аталган мелдеште 10дон ашык өлкөдөн 1 миңдей балбан күчүн сынайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM