Биз менен байланышыңыз

Токаев Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен барат

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Дек 2022 | 406 | 0

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга барат. Бул сапар Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин чакыруусу менен 21-22-декабрда ишке ашарын өзбек президентинин басма сөз кызматы билдирди.

Сапардын алкагында эки тараптуу жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулоо үчүн сүйлөшүүлөр болот.

Өзгөчө Өзбекстан-Казакстан стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерин тереңдетүү, сооданын көлөмүн көбөйтүү, өнөр жай долбоорлорун илгерилетүү, айыл чарба, транспорт жана логистика тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү, аймактар ​​аралык жана маданий-гуманитардык алаканы жакшыртуу тууралуу сөз болот.

Мамлекет башчылары казак-өзбек биргелешкен ири инвестициялык долбоорлордун ачылышына катышат.

Жолугушуулардын жыйынтыгында кызматташуу тууралуу эки тараптуу макулдашуулардын пакетин кабыл алуу пландаштырылууда.

Copyright © 2017 Maral FM