Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга барат. Бул сапар Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин чакыруусу менен 21-22-декабрда ишке ашарын өзбек президентинин басма сөз кызматы билдирди.
Сапардын алкагында эки тараптуу жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулоо үчүн сүйлөшүүлөр болот.
Өзгөчө Өзбекстан-Казакстан стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерин тереңдетүү, сооданын көлөмүн көбөйтүү, өнөр жай долбоорлорун илгерилетүү, айыл чарба, транспорт жана логистика тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү, аймактар аралык жана маданий-гуманитардык алаканы жакшыртуу тууралуу сөз болот.
Мамлекет башчылары казак-өзбек биргелешкен ири инвестициялык долбоорлордун ачылышына катышат.
Жолугушуулардын жыйынтыгында кызматташуу тууралуу эки тараптуу макулдашуулардын пакетин кабыл алуу пландаштырылууда.