Биз менен байланышыңыз

«Көчмөн сыры» эл аралык форуму башталат

Кыска кабар | 20 Дек 2022 | 237 | 0

Бүгүн жана эртең (20-21-декабрь) Улуттук тарых музейинде «Көчмөн сыры» деп аталган кол өнөрчүлөрдүн эл аралык форуму өтөт. Форумдун ачылышы саат 12:00дө башталат.

Анда дүйнөлүк кол өнөрчүлөр кеңешинин комиссиясынын чечими менен аныкталган Ысык-Көл облусу «Боз үй мекени», Нарын облусу «Шырдактын мекени» наамдары тапшырылат.

Наамдарды Азия Тынч океан регион боюнча кол өнөрчүлөр кеңешинин вице-президенти Азиз Муртазаев тапшырат.

Иш-чаранын алкагында 19-декабрдан тарта Г. Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм-сүрөт музейинде «Көчмөн сыры» форумунун көргөзмөсү ачылды.

21- декабарь күнү Интеллектуалдык менчик жана инновациялар малекеттик агенттигинде илимий- практикалык конференция өткөрүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM