Бүгүн жана эртең (20-21-декабрь) Улуттук тарых музейинде «Көчмөн сыры» деп аталган кол өнөрчүлөрдүн эл аралык форуму өтөт. Форумдун ачылышы саат 12:00дө башталат.
Анда дүйнөлүк кол өнөрчүлөр кеңешинин комиссиясынын чечими менен аныкталган Ысык-Көл облусу «Боз үй мекени», Нарын облусу «Шырдактын мекени» наамдары тапшырылат.
Наамдарды Азия Тынч океан регион боюнча кол өнөрчүлөр кеңешинин вице-президенти Азиз Муртазаев тапшырат.
Иш-чаранын алкагында 19-декабрдан тарта Г. Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм-сүрөт музейинде «Көчмөн сыры» форумунун көргөзмөсү ачылды.
21- декабарь күнү Интеллектуалдык менчик жана инновациялар малекеттик агенттигинде илимий- практикалык конференция өткөрүлөт.