Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт-автожол» жана «Эркечтам-автожол» өткөрүү пункттарынын ишине өзгөртүүлөр киргизилди.
УКМКнын чек ара кызматы билдиргендей, өткөрүү пункттары 2022-жылдын декабрынан тарта ишемби жана жекшемби күндөрүн кошкондо күн сайын иштейт.
Жогорудагы өткөрүү пункттары аркылуу Кытайдан Кыргызстанга транспорттук каражаттарды жана жүктөрдү гана өткөрүүгө болору эскертилди.
2020-жылы коронавирус пандемиясы башталгандан тарта кыргыз-кытай чек арасынан жүк өткөрүү азайган.