Биз менен байланышыңыз

Инвестиция тартуунун жолдору. Ишкерлерден кеңеш

Экономика | 5 Июл 2022 | 1225 | 0

JIA бизнес ассоциациясы Ысык-Көлдө 2-3-июль күндөрү «Көчмөн бизнес аянтча-2022» аталышындагы форум өткөрдү. Анын алкагында ишкерлер Кыргызстандын аймактарына инвестиция тартуунун жолдору, өлкөнүн экономикалык артыкчылыктары тууралуу ойлору менен бөлүштү. Ар бирине кенен токтололу.

Аймактарга инвестиция тартуунун жолдору

Экономист Элдар Абакиров

Колдо бар нерсе менен байыйлы

-Мен сөзүмдү «Бай болгуң келеби? Бар нерсеге шүгүр кыл» , — деген сөз менен баштагым келет. Мунун мааниси өтө терең, бул колубузда бар нерсени туура колдонуу дегенди билдирет.

Мына Гулипа эжени мисал келтирсек, Ысык-Көлдүн райондорунда элде канчалаган уй бар, жерибиз жакшы, от кенен. Уйлар сүт берип жатат, сүттөн сонун сырларды жасап, миллиондогон акчага экспорттоп жатышат. Былтыр Кыргызстан 54 млн долларга сүт азыктарын экспортко чыгарыптырбыз.

Андан сырткары, Кыргызстан төрт жыл мурун бир сомго да балык сатчу эмес экен, былтыр 18 млн долларга 5 миң тонна балык Орусияга экспорттолуптур.

Кыргызстан 200 миң тоннага чейин балык өстүрүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Мунун баасы орто эсеп менен 1 млрд доллар.

Өлкө 2020-жылы 30 жылдык тарыхында биринчи жолу алтынды 1 млрд долларга сатыптыр, бирок биз балыкты да ушундай суммага сата алат экенбиз. Бул өтө чоң көрсөткүч.

Аарылар келген жерде түшүм көбөйөт

Германияда бал челекти айыл өкмөткө коюш үчүн айыл өкмөт балчыга акча төлөп берет, атайын белгиленген ставкасы бар экен. Себеби бал челек турган жерде, аарылар келген жерде түшүм 60 пайыз өсөт экен, бул имилий жактан далиденген нерсе. Мисалы, сиз бир гектар жерден 30 центнер арпа алсаңыз, бал челек койсоңуз 50 центнер аласыз.

Кыргызстанда 35 миң тонна бал өндүрсө болот. Аны былтыр сатылган балдын көрсөткүчү менен эсептегенде 150 млн доллар болот.

Башкача айтканда, бизде колубузда турган, пайдаланылбаган шумдуктуу мүмкүнчүлүктөр бар. Мен муну изилдеп, тармактын эң алдыңкы адистери менен сүйлөшүп, ушундай жыйынтыкка келип жатам.

Талас облусунун артыкчылыктары

Талас облусун изилдесеңиз, акыркы 15 жылда төө буурчак 50 млн доллардан кем эмес акчага сатылып жатат. Бул облус миграцияга эң аз агылган аймактардан, себеби эли төө буурчак менен жан бакканды үйрөнүп алган.

Бирок ал жерде дагы бир чоң көйгөй бар, жер арыктап кеткен, жерди семиртиш керек, бул жасаса боло турган эле нерсе.

Айткым келгени өлкөнүн ар бир аймагынын өзгөчөлүктөрү бар.

Мамлекет менен ишкер кантип мамиле түзүшү керек?

Мен Японияда «ишкер менен мамлекеттин мамилеси кандай түзүлөт?» деген багытта эки жумалык окутуудан өтүп келгем. Бул өлкөнүн аймактарында жергиликтүү ассоциациялар бар, андагы ишкерлер мамлекет менен өтө тыгыз иштешет.

Кыргызстандагы жагдайды айтайын. Пандемия учурунда жабыркаган ишкерлерге Дүйнөлүк банк 100 млн доллар грант бөлдү. Анын бөлүнгөнүнө бир жыл болду, бирок бүгүнкү күнгө чейин банктар тарата албай жатат. Японияда болсо өкмөт ишкерлерге акчаны ассоциациялар аркылуу берет экен. Ишкер менен мамлекеттин ортосундагы мамиле ушундай болушу керек.

Ишкерлердин ассоциацияга мүчө болушу — чоң жоопкерчилик

Мисалы, ЖИА биримдиги 10 жылдан бери ар кандай бизнес турларды уюштуруп келет. Америкага уюштурулган турда элчилик ЖИАга ишенип, баарына виза берген. Бирок эки-үч ишкер жаман иш кылып, кайра келбей коюшкан, ошондон кийин ЖИАнын атына кара крест коюлду, кийин кайра мамиле оңолду.

Айткым келгени, ишкерлердин ассоциацияга мүчө болушу — чоң жоопкерчилик, бул ишеним. Ишеним бар жерде ырыскы бар. Ассоциациянын негизги иши — ишеним жаратуу. Япония, Түштүк Корея, Германия ушул модель менен өнүгүп жатат. Ишкерлер ассоциацияга мүчө болот, ага мамлекет ишенет, биз дагы ушул ыкмага өтүшүбүз керек.

Инвестиция тартууда эмнеге көңүл буруу керек?

Экономист Мурат Исмаилов

-Мен сырткы инвестиция тууралуу айтайын. Биринчиден, биздин артыкчылыгыбыз эмнеде экенин билишибиз керек. Анын ичинде Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад жана башка облустар кандай өзгөчөлүктөргө ээ, аны аныктап алгандан кийин сырткы инвесторлорду да бөлүшүбүз керек. Анткени ар кандай инвесторлор бар, жеке, же компаниялар, же эл аралык уюмдар болушу мүмкүн.

Тилекке каршы бизде айрым кемчиликтерибиз бар. Коммерциялык инвестор кайсы өлкөгө келбесин, рынокту, кишинин санын карайт. Ошого жараша салым кылса болобу, бул жерде бизнесим өсөбү, өспөйбү деп ойлонот.

Анан, чынын айтканда Кыргызстанда инвесторлордун арасында чоң инвестициялык, коммерциялык фонддор жок. Өлкө өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин катарына кирген үчүн өнүктүрүү, жардам көрсөтүү сыяктуу фонддор бар.

Инвестор акча берерде эмнеге көңүл бурат?

Негизи өнүктүрүү фонду менен коммерциялык фонддун сүйлөө тили эки башка, ошого жараша долбоорлорду жаза билүү керек.

Чакан жана кичи бизнес боюнча айтсам, булар бизнесимди жүргүзөйүн, тигини сата калайын деп жүрүп, ишкананын ички мүмкүнчүлүктөрүнө, иш жүргүзүү тартиптерине көңүл бурбай калат. Бирок инвесторлор үчүн ишкананын ички түзүлүшү өтө маанилүү.

Мисалы, 150 кишинин ичинен үчөө гана жыл сайын финансылык аудит өткөрүшү мүмкүн.

Ал эми сырткы инвестор үчүн сен жүргүзүп жаткан бизнестин ак болушу, бизнес процесстердин тартибинин болушу, жыл сайын көз карандысыз финансылык аудиттин корутундусунун болушу өтө маанилүү.

Биз азыр ойлошубуз мүмкүн, “менин ишим чакан, мага инвестор келбейт, же мен өзүм кызыктар эмесмин” дешибиз мүмкүн. Бирок бизнес бара-бара чоңоет, анан кийин ушул адаттар калып калат.

Азыр байкасаңыздар, Дүйнөлүк банк же башка уюмдар да ушуну түшүнүп, ишкананын ички потенциалын жогорулатуу, ички тартибин орнотуу боюнча атайын адистерди алып келип, кеңеш берип жатышат.

Инвестор кандай учурда качат?

Сырткы инвестор биздин мамлекетке кирерде кандай инвестициялык фонддор бар, алар кандай иш жүргүзөт, баарын анализдейт. Инвесторлордун бири-бири менен катнашы да жакшы. Мисалы, мен кайсы бир долбоорду ишке ашырып жатканда инвесторду качырып алсам, же жаман иш кылсам, башка инвесторлор да андан кабардар болот. Башкача айтканда, менин туура эмес кылган аракетим үчүн башка ишкер да инвестордон куру калышы мүмкүн.

Ошол үчүн сырттан инвестор тартууда ишкер өзүн эле эмес, баарын ойлошу керек.

Жети облуска жети долбоор

Ишкер Мирзагы Оморов

Ысык-Көл – туризмдин мекени

Ысык-Көл облусунун туристтик деңгээлин көтөрүү керек. Мисалы, Түркиянын Анталия шаарын алсак, туризм үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Бирок өзгөчө деле эч нерсеси жок, болгону тейлөөсү абдан жакшы. Биз дагы көлдөгү сервисти оңдоп, туристтер келгенде Анталия шаарына келгендей сезиши керек.

«Ынтымак бар жерде ырыскы бар» дегендей, Ысык-Көлдөгү пансионат ээлерин чогултуп, кеңешип, тармакты бир системага келтирсек, дүйнөдөгү туристтик жайлардын алдыңкыларына чыга турган келечеги бар.

Нарын облусу – мал чарбачылык. Өзүбүзгө мүнөздүү бизнести өнүктүрөлү

Нарын облусу Кытай менен чектеш, мал чарбачылыкты өнүктүрүүгө жакшы мүмкүнчүлүктөр бар. Анын ичинде малдын терисин, жүндү иштетсе болот. Бул жергиликтүү элге жаңылык эмес. Негизи жаңы бир нерсе киргизүү оор.

Бир канча жыл мурун Кыргызстан боюнча күнөсканаларды киргиздик, бирок жакшы өнүгө албай жатат. Себеби анын ичиндеги градусту жөнгө салмак турсун, биз үйүбүздөгү жылуулуктун өлчөмүнө маани бербейбиз, андай технологияны билбейбиз. Ошол себептен өзүбүз билген, өзүбүзгө мүнөздүү болгон иштерди – мал чарбачылыкты жакшылап өнүктүрсөк, ошого инвестиция тартсак жакшы болмок.

Жалал-Абаддын дүйнөгө белгилүү жаңгагы

Жалал-Абаддын жаңгагын билбеген өлкө аз. Аны өнүктүрүп, жаңы түрлөрүн өстүрүп, эки-үч жылда мөмө бере тургандай кылыш керек. Жаңгак аз, баасы кымбат болот. Мисалы, бир фурасы эле 22 тонна болсо, баасы 200-250 миң доллар чыгат. Биз төө буурчак менен иштеп жүргөндө жаңгакты сурагандар көп болот.

Баткендин өрүгү

Баткендин өрүгү менен көп мактанабыз, бирок аны кургатып, чоң ишканаларды ачуу керек. Бош жаткан талааларга да өрүк тигип, мөмө алгыдай кылуу, завод-фабрикаларды ачуу керек.

Эки-үч жыл мурун инвесторлор менен Баткенде жүрдүк. Ирактан келишкен инвесторлор өрүктү сатып алып жатышат, азыр да кызматташышат.

Муну да жергиликтүү эл жакшы өнүктүрөт, себеби мүнөзүн билет.

Өнүкпөй жатып атаандаш болбойлу

Ошол себептен ишкерлер ынтымакта болуп, өнүкпөй жатып эле бири-бирибизге атаандаш болбошубуз керек. ЖИА бизнес ассоциациясындагы ишкерлер да 10 жыл мурункуга салыштырмалуу өзгөрүштү, келечекти караган ишкерлер көп.

Copyright © 2017 Maral FM