Биз менен байланышыңыз

Соода-өнөр жай палатасынын жетекчилигине үч талапкер тандалды

Кыска кабар | 16 Дек 2022 | 1404 | 0

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын жетекчилигине үч талапкер тандалды. Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматы билдирди.

Соода-өнөр жай палатасынын президиуму арыз ээлерин бир күн мурун аныктаган. Тогуз адам өз талапкерлигин коюп, анын ичинен үчөө бардык зарыл талаптарга жооп берип, тандалды.

Соода-өнөр жай палатасынын төрагалыгына талапкерлер:

Темир Сариев — «Кыргызгипрострой» долбоорлоо институтунун башкы директорунун экономика жана инвестициялык долбоорлор боюнча кеңешчиси, Кыргызстандын экс-премьер-министри;

Жоодар Сайдилкан — INTEGRA Engineering Group компаниясынын негиздөөчүсү жана башкы директорунун кеңешчиси;

Авазбек Керимбаев — «Шумкар» логистикалык компаниясынын жетекчиси.

«Апамдын каттамасы». Ира апаны туристтер Абу Дабиге эс алууга чакырды

Талапкерлер үчүн Соода-өнөр жай палатасынын мүчөлөрү тарабынан атайын шайланган делегаттар добуш берет. Шайлоо 19-декабрда Соода-өнөр жай палатасынын имаратында өтөт. Талапкерлердин программасы менен палатанын сайтынан таанышууга болот.

Палатанын мурдагы башчысы Марат Шаршекеев ноябрдын аягында кызматтан кеткен. Ал бул кызматта 2010-жылдан бери иштеп келди.

Copyright © 2017 Maral FM