Биз менен байланышыңыз

«Апамдын каттамасы». Ира апаны туристтер Абу Дабиге эс алууга чакырды

Блог , Кыска кабар | 15 Дек 2022 | 1314 | 0

Боом капчыгайына кире бериштеги «Апамдын сүт чайы» же «Апамдын каттамасы» деген бренд менен таанылган тамактануучу жайдын негиздөөчүсү Ира Чоткараеваны арап туристтери Абу Дабиге эс алууга чакырды.

Бул тууралуу ишкер Жоодар Сайдилкан билдирди.

Ал быйыл июнь айында Кыргызстанды танытуу максатында Бириккен Араб Эмираттарындагы алдыңкы 25 ишкер кишиден турган делегацияны Кыргызстанга конокко чакырган. Алардын арасында Абу Дабилик шейхтер (падышанын жакын туугандары) да болгон.

Алар менен Ысык Көлгө бара жатып, «Апамдын чайынан» каттама жешкен. Ошондо бул каттама сатылган аялдама-борборду түптөгөн ыраматылык Бурулкан апанын кызыктуу окуясын арап конокторго айтып берген.

«Кийин биз Абу Дабиге конок болуп барганда, шейхтер дайыма ушул каттаманы сагынышканын айтып, эскеришкен эле. Ушул себептен Абу Дабидеги 5 жылдыздуу Fairmount отелдин ээси, алдыңкы ишкер Мухаммед Аль Фахим мырза Ира эжеге ыраазычылык жана шейхтерге сюрприз ниетинде, Ира эжени үй-бүлөсү менен бирге 2 аптага өзүнүн мейманканасына конокко чакырып, сыйлап, каттама жасатып, шейхтерге сюрприз кылган. Биз шашылыш түрдө буга чейин талыкпай эмгектенип, Кыргызстандан башка эч жака чыкпаган, учакка түшпөгөн Ира эже жана үй-бүлөсүнө паспорт жасатып, БАЭге жөнөткөн элек. Ошондо да эжени араң көндүрдүк» , — деди ишкер.

Жоодар Сайдилкан Кыргызстандын туризминдеги эң чоң көйгөйү — таанылбагандыгында экенин белгилейт. Өлкөнү таанытуу үчүн ушул сыяктуу жөнөкөй, көптөгөн кишинин сезимдерин ойгото турган ыкмалар абдан таасирдүү жана жеткиликтүү болорун айтат.

«Бул жаңылыкты Казакстандан, Өзбекстандан, Орусиядан жана Эмираттан жүз миңдеген киши көрүп суктанып жатат, кечээтен бери менин баракчама абдан көп мактоолор түшүп жатат. Азыркы соцтармак доорунда, эски, кымбат жана кызыксыз ыкмалар менен эмес, ар бир киши өзү менен «эмпати» кура ала турган ушундай жөнөкөй, жеткиликтүү, позитив методдор менен өлкөбүздү таанытсак, алардын блогерлерин алып келсек, туризм бат өнүгөт» , — дейт Жоодар Сайдилкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM