Биз менен байланышыңыз

Айылдарды өнүктүрүүгө аракет кылган айыл өкмөттөр

Коом | 16 Дек 2022 | 481 | 0

Быйыл аймактарда «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоорунун алкагында бир канча муниципалдык мекемелерде кызмат көрсөтүүнүн сапаты жакшырды. Демилге Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын 54 айыл өкмөтүндө ийгиликтүү ишке ашканы айтылды. Долбоор Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзу тарабынан ишке ашып, Швейцария өкмөтү тарабынан каржыланды. Эки жылда жалпы 27 млн доллар каражат сарпталган.

Кыргызстанда 500гө жакын муниципалдык мекеме бар болсо, баарында тең жергиликтүү деңгээлдеги кызматтар толук кандуу уюштурулган эмес. Ага каражаттын жетишсиздиги себеп болуп келген.

Бул көйгөйдү чечүү максатында Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзу Швейцария өкмөтү менен биргеликте «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоорун ишке ашырды.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзунун директору Бектурган Орозбаев долбоордун алкагында жашоочулар үчүн аймактарда кандай шарттар түзүлгөнүн айтып берди.

Бүгүнкү күндө долбоор Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында толук ишке ашырылды.

«Биздин айыл өкмөттөр көбүнчө чоң суммадагы гранттарды утканы аракет кылышат. Чоң имараттарды курушат, бирок ичиндеги кызматтардын иштегенине көңүл бурушпайт. Биз азыраак каражат менен ичиндеги системаны жана механизмди иштеткенге аракет кылдык. Мисалы, таза сууну бериш үчүн анын тарифин эсептеп чыгыш керек. Бала бакчадагы саркынды сууларды тазалап, кайра тарифке бере турган механизм киргизилди. Мындан сырткары жарыктандыруу, таштандыларды чыгаруу, айылдын ичин жашылдандыруу иштери аткарылды».

Долбоордун алкагында өткөн сынакка Ысык-Көл облусуна караштуу Кара-Ой айыл өкмөтү катышып, 500 миң сомдук грант утуп алган. Айыл өкмөт башчысы Эрлан Жумековдун айтымында, каражат бала бакчада балдардын гигиенасы үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө жумшалды.

«Айылда жайгашкан «Айыл келечеги» бала бакчасына саркында сууларды тазалоочу жай куруу аркылуу тарбиялануучу балдардын гигиенасы үчүн жагымдуу шарттарды түздүк. Бул маселе буга чейин чоң көйгөйдү жаратып келген. Биз бул көйгөйдү чечүүнү көптөн бери пландап келгенбиз. Жыйынтыгында долбоорго катыштык. Андан жеңдик. Долбоор 500 миң бөлүп берсе, жергиликтүү бюджеттен да бир аз кошумчалап ишке ашырдык. Азыркы учурда толук кандуу курулуш иштери бүтүп, ишке кирди».

Ал эми Жалал-Абад облусунда Аксы районунун 4 айыл аймагы биригип, бул долбоорго катышкан. Мисалы, Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн жетекчиси Эламан Кочкорбаев 4 айыл биргеликте муниципалдык ички жолдорду тейлөө кызматын уюштурушканын айтты.

«Төрт муниципалитет биригип, бир муниципалдык ишкана түздүк. Биз жол тазалоочу автотрейдерди сатып алдык. Анын суммасы 7 млн сом. Анын 5 млн сомун долбоордон утсак, калган 2 млн сомун 4 айыл өкмөтү бөлүп төлөдүк. Бул жабдыктын пайдасы чоң. Себеби биз тоолуу жерде жайгашканбыз. Кышында жаан жаап же кар жааса, башка дагы кырдаалдар катталган учурда өзүбүз тазалап турабыз. Ушул 4 айылга караштуу жолдор тазаланат».

Долбоордун дагы бир жеңүүчүсү Ысык-Көлдүн Тепке айыл аймагы каражатты элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө жумшады. Айылдын башчысы Азиз Айтбосунов учурда ийримге катышкан балдардын саны 44кө жеткенин маалымдады.

«Бул долбоорго катышууга эмне себеп болду? Азыркы учурда айылдарда ийримдер уюштурулбай калган. Эл менен жолугуу учурунда ушул көйгөй аныкталды. Ошентип балдарга көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү ийримин ачууну көздөдүк. Мындай чечимдин негизинде долбоорго сунуштама бердик. Долбоор 194 миң 800 сом акча бөлүндү. Ал эми жергиликтүү бюджеттен 36 миң сомдун тегерегинде акча сарпталды. Бул каражатка 24 комуз, 6 ооз комуз жана 3 музыкалык жабдык алдык».

Жогоруда сөз болгон долбоордун жеңүүчүлөрү бүгүн Бишкекте өткөн форумга катышышты. Грант утуп алган айыл өкмөттөр тажрыйбасы менен бөлүшүштү.

Иш чаранын максаты өлкөдө ар башка айыл аймактарында ишке ашырылып, оң натыйжа берген, жакшыртылган кызматтар жана кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуунун жаңы ыкмаларын жайылтуу болуп саналат.

«Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоору улантылат жана 2023-жылы Чүй, Талас облустарында жайгашкан айыл аймактарга сынак жарыяланат.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM