Биз менен байланышыңыз

Марокколук футболчу чемпионаттагы акчасын кайрымдуулука жумшады

Кыска кабар , Спорт | 16 Дек 2022 | 847 | 0

Марокконун футбол боюнча курама командасынын жарым коргоочусу Хаким Зиеш Катарда өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында алган акчасын толук кайрымдуулука жумшады.

Маалыматтарга караганда, футболчу жакыр жашаган мекендештерине жардам катары 325 миң доллар берген.

Зиеш 2015-жылдан бери улуттук курамада ойногону үчүн акча ала элек. Ал оюндардан түшкөн акчанын баарын кайрымдуулукка жумшайт.

Хаким Зиеш «Челси» клубунда ойнойт. Команданын курамында Чемпиондор Лигасынын жана УЕФАнын Суперкубогунун жеңүүчүсү болгон.

Футболчу «Аякс» менен бирге Голландия чемпиондугун да жеңип, 2017/2018 сезонунда өлкөнүн жылдын мыкты оюнчусу деп табылган.

«Тапканын социалдык муктаждыкка жумшайт». Ишкер аялдарды эмне үчүн колдоо керек?

Белгилей кетсек, Марокко курама командасы 2022-жылдагы Дүйнө чемпиондугунун жарым финалына чейин жетип, анда француздарга 2:0 эсебинде утулуп калган.

Улуттук курама команда чемипионаттын тарыхында мындай баскычтарга чыга элек болчу.

Марокколуктар 17-декабрда 3-орун үчүн Хорватия менен беттешет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM