Биз менен байланышыңыз

«Тапканын социалдык муктаждыкка жумшайт». Ишкер аялдарды эмне үчүн колдоо керек?

Кыска кабар , Экономика | 2 Дек 2022 | 1077 | 0

Ишкер аялдардын дүйнөлүк күнүнө карата 2-декабрда JIA бизнес ассоциациясы «Ишкер айым — 2022» форумун өткөрдү. Анда бизнес чөйрөдө ийгиликтүү иштеп жаткан аялдар тажрыйбалары менен бөлүшүп, ишкердик кылууда кабылган көйгөйлөрү жөнүндө айтып беришти. Ошондой эле үй-бүлөлүк бизнестин артыкчылыктары тууралуу да сөз болду.

JIA бизнес ассоциациясынын аткаруучу директору Аззамбек Жээнбай уулу «Марал» радиосунун суроолоруна жооп берди.

-Аялдардын ишкердигин эмне үчүн колдоо керек? 

Аззамбек Жээнбай уулу: JIA бизнес ассоциациясы өнөктөш уюмдар менен чогуу жыл сайын ишкер аялдардын дүйнөлүк майрамын белгилейт. Мамлекет тарабынан да ишкер аялдарды колдоо программалары жакында эле иштелип чыкты. Биз ассоциация катары да аялдардын ишкердигин колдоого умтулабыз.

Биринчиден, аял ишкерлер эркектерге салыштырмалуу тапканын үйгө ташыйт экен. Экинчиден, кирешесин жалаң социалдык муктаждыктарга жумшайт. Мисалы, баласынын ден соолугуна, окуусуна жана башка.

Мындан тышкары, банктардын статистикасына карасак, насыя алган ишкерлердин арасынан аялдар туруктуу, өз убагында төлөйт экен. Эркектерге салыштырмалуу бираз жоопкерчиликтүү келет экен.

Ошол эле учурда, аялдар үй-бүлөсүнө да карап, тиричилигин да, бизнесин да жасашы керек. Башкача айтканда, аялдарга эки эсе жүк түшөт. Ошондуктан биз аларды колдошубуз керек, материалдык жактан болбосо да моралдык жактан колдоо керек.

Бүгүнкү форум да аял ишкерлерге тааныш арттырып, тажрыйба алмашууга жакшы аянтча болот деп ойлойбуз. Үй-бүлөсүнө да жетиштүү көңүл бурган, бизнесинде да ийгиликке жеткен үлгүлүү айымдарды чакырдык. Башкалар да көрсүн, себеби иш деп жүрүп үй-бүлө калып калбашы керек, же тескерисинче. Пайдалуу болот деп ойлойм.

-JIA бизнес ассоциациясына канча аял мүчө?

Аззамбек Жээнбай уулу: ЖИАда бүгүнкү күндө жалпы 1300гө жакын мүчө бар. Анын 32 пайызы, тагыраагы, 407си аял ишкерлер. Ассоциациянын 2027-жылга чейин түзүлгөн стратегиясында 4 миң ишкер болсо, анын миңи айым ишкерлер болсун деген максат койгонбуз.

-Ишкерлердин бир ассоциацияга мүчө болушу эмнеге маанилүү?

Аззамбек Жээнбай уулу: Ишкерлер негизи ассоциацияларга бирикпей эле бизнес кыла алат. Бирок биригүүнүн жакшы жагы — бизнестеги көйгөйлөр окшош эле болгондуктан аны чогуу чечкенге шарт түзүлөт.

Экинчиден, тааныш-билиш да көп болот. Себеби ар бир ишкер бири-бирине потенциалдуу кардар. Кымбат баадагы товарды же кызматты акчасы бар адам алат. Акчасы бар адам бул — ишкер.

Үчүнчүдөн, бизнестеги эң чоң көйгөйлөрдүн бири — маалыматтын жана каражаттын жетишсиздиги. Каражатты банктан же атайын грант берген донордук уюмдардан, же инвестордон алабы? Тилекке каршы, Кыргызстанга чет өлкөдөн кирген инвестиция аз болгондуктан ички потенциалыбызды колдонушубуз керек. Ишкерлердин арасында да капитал бар. Бирок жакшы идеяга инвестиция кылам дегендер менен катар, жакшы идеясы бар, бирок каражатка муктаж ишкерлер көп. Бул аянтчалардын баарын бириктирген ассоциация болуп эсептелет.

Мамлекет тарабынан деле көптөгөн мыйзам долбоорлору кабыл алынат. Ар кандай текшерүүлөр бар, жалгыз ишкер түрдүү тоскоолдуктар менен күрөшө албайт, ал үчүн сөзсүз биригүү керек.

-Ишкер аялдардын потенциалы кандай болуп жатат, анализ жасалганбы?

Аззамбек Жээнбай уулу: Бүгүнкү күндө андай анализ жок. Бирок жалпы алып карасак, Кыргызстанда бизнести аялдар түптөгөн. Кантип?

Базарларга биринчи аялдар чыккан, миграцияга кеткендер да аялдар, соода тармагын биринчи аялдар түзгөн. Ошол эле «Дордой», «Кара-Суу» жана башка базарларды соода кылгандардын басымдуу бөлүгү аялдар. Бирок, ал учурда муктаждыктын айынан соода кылган. Билим, багыт берилген эмес болсо, азыр биз аялдарды окутуп, бизнес багытын көрсөтүп, аялдардын ишкердигин калыпка келтирүү керек.

Copyright © 2017 Maral FM