Биз менен байланышыңыз

Катар-2022: Хорватия чейрек финалга чыкты

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 6 Дек 2022 | 335 | 0

Хорватия курама командасы Катарда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатында Япония курамасын утуп, чейрек финалга чыкты. Беттеш 6-декабрга караган түнү Эль-Вакрадагы «Эль-Жануб» стадионунда өттү.

Оюндун 43-мүнөтүндө биринчи голду япониялык чабуулчу Дайзен Маэда киргизсе, 55-мүнөттө хорватиялык чабуулчу Иван Перишич эсепти теңеди.

Кошумча убакытта жеңүүчүнү аныктоо мүмкүн болгон жок. Пенальтилер сериясында хорваттар жеңишти камсыздады.

9-декабрда чейрек финалда Хорватия Бразилия — Түштүк Корея беттешинин жеңүүчүсү менен оюн өткөрөт.

Буга чейин Англия, Голландия, Аргентина жана Франция чейрек финалга чыгышкан.

Футбол: Англия Сенегалды 3:0 эсебинде утуп, чейрек финалга өттү

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM