Биз менен байланышыңыз

Футбол: Англия Сенегалды 3:0 эсебинде утуп, чейрек финалга өттү

Кыска кабар , Спорт | 5 Дек 2022 | 284 | 0

Англиянын футбол боюнча курама командасы Катарда өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын 1/4 финалынын дагы бир катышуучусу болду.

5-декабрга караган түнү 1/8 финалдык беттеште британиялыктар Сенегал менен ойноп, 3:0 эсебинде жеңишке жетишти.

Чейрек финалда Англия Франция менен ойнойт.

Голдор: Жордан Хендерсон, 38 (1:0), Гарри Кейн, 45+3 (2:0), Букайо Сака, 57 (3:0).

5-декабрда Бразилия курамасы Түштүк Корея менен кездешет. Мындан тышкары, Япония менен Хорватиянын курама командалары оюн талаасына чыгат.

5-декабрга белгиленген беттештердин графиги:

1/8 финал

21:00 Япония — Хорватия,

01:00 Бразилия — Түштүк Корея.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM