Биз менен байланышыңыз

«Жакында өлкөгө өзгөчө кырдаалдарда интернетсиз маалымат берүүчү сенсордук аппаратты алып келебиз»

Кыска кабар , Пикирлер | 13 Дек 2022 | 1224 | 0

«Азыркы учурда климатты, өзгөчө кырдаалдарды өлчөгөн ар кандай сенсорлор пайда болду. Алардын кубаттагычы 10 жылга чейин жетип, узак аралыктан маалымат берип турат. Биз дагы «Дүйнөлүк интернет» коомдук фондуна катышып, Кыргызстанга грантты алып келе жатабыз. Бул долбоор эки жылда ишке ашып калат». Бул тууралуу “Кыргыз интернет” коомунун жетекчиси Талант Султанов “Маралдын” түз эфиринде айтты.

“Президент БУУга барып бул жылы “Эл аралык тоолор жылы”- болсун деген сунушун берип келди. Эмне учүн тоолорду эл аралык деңгээлге чыгарышыбыз керек деген суроолор көп болуп жатат. Билгенибиздей эле дүйнөдө түндүк жана түштүк полиси бар. Биз жашаган ушул регионду Тянь-Шань, Гималай тоолорун үчүнчү полис деп коет экен. Анткени бул жакта көп мөңгүлөр Евразиянын көп териториясына суу берип жатат. Тоолуу региондордо өзгөчө кырдаалдар көп болуп, климат өзгөрсө эң биринчи бизге байкалат. Акыркы эки жылды ала турган болсок өзгөчө кырдаалдар аябай көп болуп жатат. Жакында эл аралык туристер тоолордо жүрүп мөңгү көчүп кеткенин видеого тартып алышканын миллиондогон адамдар көрдү. Бул болсо изилдөөчүлөргө чоң белги берди”-деди ал.

Анын айтымында өзгөчө кырдаал министрлигинин кызматкерлери бардык жерлерге сенсорлорду коюп, маалымат топтоп, кайсы жерде өзгөчө кырдаалдар болушу мүмкүн деп божомол кылганга аракет кылат. «Кээ бир жерде интернет же башка байланыштар жок болгону үчүн атайын учактар менен учуп барып  текшерип келиш керек. Бул нерсени интернеттин жардамы менен алып келүү үчүн, Италияда ЮНЕСКОнун Физика институту менен байланышып, чогуу иштеп көрүүнү сунуштадык. Ал жерде иштегендер дүйнөдө эң белгилүү Нобель сыйлыгыны алган изилдөөчүлөр. Алар радио-сигналды Италияда 300 километрден ашык аралыкка жиберишкен», — деп кошумчалады Талант Султанов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM