Биз менен байланышыңыз

«Кыргызстандыктардын 80%ы интернетти көңүл ачуучу контентти көрүү үчүн колдонушат»

Кыска кабар , Пикирлер | 13 Дек 2022 | 953 | 0

«Санарип инсан» долбоорунун эң башкы эле миссиясы, жарандарыбыздын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу, функционалдык санариптик көндүмдөрүн арттырып, элге туруктуулукту алып келүү. Мындай пикирин Санарип инсан долбоорунун менеджери Ажыбек Нурланов “Маралдын” түз эфиринде билдирген.

“Акыркы маалыматтар боюнча бизде 3 миллиондон ашык адам интернет колдонот. Жыл сайын бул көрсөткүч 300 миңден 400 миңге чейин көбөйүп турат. Булардын 80% көңүл ачуучу контент менен алек болушса, 20% билим алуу үчүн, күнүмдүк керектөөлөрү үчүн колдонот экен. Чынында көнүлүңдү түшүрөт. Мен ойлойм бул нерсе тескерисинче болушу керек», — деп билдирди «Санарип Инсан» долбоорунун менеджери Ажыбек Нурланов.

Ал интернетти экологияда, жашыл экономикада колдонгонго Кыргызстандын толук мүмкүнчүлүгү бар экендигин айтат. 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM