Биз менен байланышыңыз

Сулуулук салондору жугуштуу ооруларды жайылтуучу жайга айланууда

Ден соолук | 13 Дек 2022 | 2305 | 0

Өлкөдөгү сулуулук салондорунда жугуштуу оорулардын бир канча түрүн жуктурган адамдардын саны өсүп жатат. Апрелде Саламаттык сактоо министрлиги Бишкек жана Оштогу сулуулук салондорун текшерип, бир канча лицензиясы жок салондор иштеп жатканын аныктаган. Бирок министрликтин талапка жооп бербеген сулуулук салондорун жабууга азырынча укугу жок. Салондордон жугуштуу оорулардын жайылып жатканы тууралуу маселе Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинде да көтөрүлдү. Бул жагдайды жөнгө салууда кандай аракеттер көрүлүүдө? Сулуулук салондору эмне үчүн санитардык нормаларды сактабай келет?

Өлкөдө санитардык талапка жооп бербеген сулуулук салондорунан гепатит, ВИЧ\СПИД, туберкулез сыяктуу ооруларды жуктуруп алгандардын саны барган сайын көбөйүп жатат. Алардын арасында Айгерим (аты өзгөртүлдү) да бар. Ал Бишкектин Кызыл-Аскер районунда жайгашкан сулуулук салондорунун биринде кашына перманенттик макияж жасатып, гепатиттин «А» түрүн жугузуп алган.

«1 жыл мурун Кызыл-Аскердеги салондордун биринде кашыма перманенттик макияж жасаткам. Ошол жактан гепатитти жуктуруп алдым. Башында ал жактан жуктурганымды деле билген жокмун. Саргайып, дене табым көтөрүлүп, кусуп аябай кыйналдым. Арзан болгону үчүн ошол жактан жасаткам. 6 айдай дарыланып, диета кармадым».

Ушул жылдын апрель айынан бери Саламаттык сактоо министрлигинин комиссиясы Ош, Бишкектеги 200гө жакын сулуулук салон, клиникаларын текшерген. Бишкекте 18 клиниканын ичинен экөөнүн гана лицензиясы бар болуп чыккан.

Бишкек шаарындагы «Беш сары» соода борборунун ичиндеги сулуулук салондорунун биринин кызматкери Жанара (аты өзгөртүлдү) салондогу санитардык нормалардын сакталбашы тууралуу айтып берди.

Ал кызмат көрсөтүүнүн баасы арзан болгону үчүн келген адам көп экенин түшүндүрдү.

«Менин бул салондо иштегениме 1,5 жылдан ашып калды. Биздин салондо маникюр, кулак тешүү, ботокс жасалат. Булардын баары бир эле салондун ичинде жасалат. Тазалык такыр сакталбайт. Мен жөн гана катардагы кызматкер болгонум үчүн эч нерсе кыла албайм. Бир эле кулак тешүүчү автомат менен күнүнө 5,6 адамдын кулагын тешилет. Ал эми маникюрга колдонулган кайчылар, пилка жана башка жабдыктар стерилизациядан өтпөйт. Жөн гана жууп, тазалап коебуз. Бул негизи кооптуу».

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында да бул маселе көтөрүлдү. Депутат Жылдыз Садырбаева Кыргызстандагы сулуулук салондорунун көпчүлүгүндө автоклав жок экенин, адам өмүрү үчүн кооптуу экенин белгиледи.

Эл өкүлү бүгүнкү күндө сулуулук салондору текшерилбей жатканын айтты.

«Биздин сулуулук салондорунда эреже сакталбайт. Анткени биздин салондордо автоклав жок. Алардын бардыгында жабдыктарды кургатуу үчүн шкафтар бар. Бул болсо адам үчүн кооптуу. Мунун баарын ким көзөмөлдөйт? Мындан сырткары көптөгөн стоматологиялык мекемелерде, клиникаларда автоклав жок».

Ошол эле учурда депутат Садырбаева Дары-дармек жана медициналык техника департаментинин директоруна гепатиттин вирусу кургак шкафта өлөбү деген суроону узатты.

Мекеменин директору Айнура Абалиеванын айтымында, гепатиттин вирусу стерилизацияда, автоклавда бир сааттын ичинде өлөт. Ал эми дары-дармек менен камсыздоо департаментинин сулуулук салондорун текшерүүгө укугу жок экенин кошумчалап өттү.

«Ботокс — бул дары, гиалурон кислотасы — медициналык продукт. Аларды реестрге киргизгенден кийин колдонууга болот. Бирок контрабанда фактылары бар. Биздин мекеме фармацевтикалык лицензиясы бар дарыларды гана текшере алат. Муну министрликтин деңгээлинде карап чыгыш керек. Ушул маселени карап чыгалы».

Саламаттык сактоо министрлигинин талапка жооп бербеген сулуулук салондорун, клиникаларын жабууга азырынча укугу жок.

Министрлик буга чейин «КРдеги лицензиялык уруксат берүү системасы жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштаган.

Анын негизинде министрлик тарабынан медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жана дары-дармек саясатын мыйзамсыз жүргүзгөн объектилерди жабууга укуктуу болот. Ошондой эле ишмердүүлүктүн конкреттүү түрүн жана клиниканын дарегин көрсөтүү менен лицензияларды белгилүү бир мөөнөткө гана берүүгө мүмкүндүк берет. Мыйзам бузуулар аныкталса, мекеме лицензияны кайтарып алуу укугуна ээ болот.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM