Биз менен байланышыңыз

Бакыт Төрөбаев Бишкектеги ыш боюнча жыйын өткөрдү

Кыска кабар | 13 Дек 2022 | 420 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев ири шаарларда түтүнгө каршы күрөшүүгө багытталган натыйжалуу иш-чараларды иштеп чыгуу боюнча атайын жыйын өткөрдү.

Анда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жетекчилиги борбор калаада көп кабаттуу үйлөргө нанотехнологияларды киргизүү жана жашыл аймактарды түзүү боюнча долбоор ишке ашырып жатканын билдирди.

Мындан тышкары, абанын булганышын азайтуу үчүн бир нече план иштелип чыккан. Анын арасында жылуулуктун жоготууларын азайтуу жана борбор калаанын жылуулук борборунун ишин оптималдаштыруу боюнча пилоттук долбоор бар, ошондой эле 500 көп кабаттуу үй тандалып, аларга нанотехнологиялар орнотулат.

Технология буга чейин Орусиянын бир катар шаарларында сыноодон өткөн жана аны колдонуу жылуулуктун чыгымын 40 пайызга чейин кыскартууга жардам бергени айтылды.

Мындан тышкары, Бишкекте “жашыл зоналар” түзүлүп, анда электр энергиясын колдонгон унаалар гана коомдук транспорт катары пайдаланылат. Пилоттук долбоордун алкагында таксилер үчүн 200 электромобиль жана 100 электр кичи автобустары болушу пландалууда.

Ошондой эле “жашыл” коридорлорду киргизүү пландалууда. Бул долбоорлорду ишке ашыруу 2023-жылдын биринчи кварталында башталаары күтүлүүдө, бул үчүн 20 миллион АКШ долларына жакын каражат керектелет.

Отурумдун жыйынтыгында мамлекеттик органдарга иш-чаралар планын иштеп чыгуу, анын ичинде отканаларды жаратылыш газына которууну активдештирүү, газдын абалынын жаңы сапаттык көрсөткүчтөрүн бекитүү тапшырмасы берилди.

«Ыш өнөкөт дарттарды козгоп, вирустук инфекцияны күчөтөт»

Copyright © 2017 Maral FM