Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда сасык тумоо күч алды. Ооругандардын 70%ы жаш балдар

Ден соолук , Коом | 12 Дек 2022 | 2797 | 1

Өлкөдө дем алуу органдарынын курч кармоочу респиратордук түрү кайрадан күч алды. Ооругандардын 70%га жакыны 14 жашка чейинки балдар болууда. Буга байланыштуу учурда Бишкектеги балдар ооруканаларында орун калбай, кошумча койкалар дайындалды. Дарыгерлер быйыл сасык тумоо башка жылдарга салыштырмалуу оор формада өтүп жатканын айтышты. Мындан сырткары быйылкы жылдын октябрь айынан бери Кыргызстанда «чочко тумоосу» менен ооруган 34 учур катталды. Ал эми өткөн жылы аталган оорунун учуру катталган эмес.

Өлкөдө дем алуу органдарынын курч кармоочу респиратордук түрү кайрадан күч алып, ооруканаларда бейтаптар үчүн орун жетишсиз болууда. Бишкек шаарында балдарын ооруканага жаткыра албай жүргөн ата-энелердин саны көбөйүүдө. Алардын бири Аида Темирланова балдарын 3 күндөн бери ооруканага дарыланууга каттата албай жатат. Анын айтымында, балдарынын дене табы кез-кез көтөрүлүп, жөтөлү токтобой жатат.

«Менин 7 жаштагы балам жана 6 жаштагы кызым 1 жумадан бери ооруп жатат. Азыркы учурда үйдөбүз. Бир күн дене табы 38 градуска чейин көтөрүлүп, экинчи күнү кайра түшүп жатат. Мурдуларынан суу агып, тамагы ооруп, жөтөлүп жатышат. Ооруканага алып барсам, орун жок. Азырынча тааныш дарыгерлер менен сүйлөшүп, дарылап жатам. Муну менен катар жолдошум да экөөбүз сыркоолоп калдык. Балдарым учурда мектепте, бала бакчага барышпай эле».

Саламаттык сактоо министрлигинин жумалык мониторингине ылайык, эки жума мурун курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоонун 9 миң 324 учуру катталган. Ал эми өткөн жумада бул көрсөткүч 1,5 эсе көбөйүп, 14 миң 78 адамды түздү.

Бишкек шаардык балдар ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов ооругандардын 70 пайызга жакынын 14 жашка чейинки балдар түзөрүн билдирди.

Ал ооруканага күнүнө 500гө жакын адам кайрылып жатканын айтты.

Бүгүнкү күндө бейтаптарды кабыл алууга кошумча койкалар даярдалды.

«Кыш мезгили келип, вирустук инфекция оорулары көп болуп жатат. Быйыл салыштырмалуу көбүрөөк катталууда. Балдар арасында ооругандар көп. Кабыл алуу бөлүмдөрүндө кезек күткөндөр көп болуп жатат. Күнүмкүсүн күндө жаткырып, сакайгандарды чыгарып жатабыз. Ошондо деле орун жетпей жатат. Себеби чыккандардын орду, кайра келип жаткандар менен толуп жатат. Бишкекте ооруканаларда кошумча орундар ачылып жатат. Ал эми бизде Урология бөлүмү убактылуу жабылып, 60 койка кошулду».

№9 үй-бүлөлүк медицина борборунун Эне жана баланын ден соолугун коргоо боюнча директордун орун басары Диляра Искакова жыл сайын ушул убакта дем алуу органдарынын курч кармоочу респиратордук түрү менен ооругандар көп катталарын айтат.

Дарыгер азыркы сасык тумоо оор түрдө өтүп жатканын белгиледи. Азыркы учурда кайрылгандар анализ тапшырып жатышат. Ага ылайык, бир эле адамда эки түрдүү вирустук инфекция табылууда.

Ал эми кичинекей балдардын иммунитети алсыз болгондуктан, аларга оору тез жугат.

«Бул оору жаз, күз, кыш айларында баш көтөрөт. Бул инфекциялык оорулар негизи жеңил эле өтүшү керек. Ал эми грипп оорусу салыштырмалуу оор өтөт. Учурда сасык тумоонун ичинен грипп оорусу да билинип жатат. Кайрылган адамдардан анализ алып жатабыз. Алардын көпчүлүгүндө эки түрдүү вирустук инфекция табылып жатат. Ушундай себептерден улам азыркы күндөгү сасык тумоо оор формада өтүп жатат».

Мындан сырткары быйылкы октябрь айынан бери Кыргызстанда «чочко тумоосу» менен ооруган 56 учур катталды. Ал эми өткөн жылы аталган оорунун учуру катталган эмес.

Ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө департаментинин дарыгери Султан Суранбаевдын айтымында, «Чочко тумоосунун» белгилери сасык тумоого окшош, бирок жөтөлдү күчөтүп, тамактын катуу оорушуна алып келет. Ал  элди мындан чочулап, паникага алдырбоого чакырат.

«Былтыр «Чочко тумоосу» катталган эмес. Өткөн жылы кадимки сасык тумоо эле катталган. Бул деле грипп «А» түрүнө кирет. Быйылкы жылы 56 учур катталды. Мындан эч убакта коркпош керек, чочулабаш керек. Бул деле грипп сыяктуу жүрөт. Белгилери деле ошондой. Дене табы көтөрүлөт. Мурундан суу агат, жөтөл кармайт. Сасык тумоодон айырмаланып, тамактан көбүнчө кармайт. Бууп, кысып оорутат. Ич өтүү, ичтин көбүүсү (диарея) сыяктуу белгилери болот. Өтүшүп кетсе пневмонияга айланат».

Өлкө боюнча борборлоштурулган үч балдар ооруканасы бар. Алардын экөө Бишкекте, бирөө Ош шаарында жайгашкан.

Министрликтин маалыматына караганда азыр оорудан улам мектеп, бала бакчага бара албай жаткан балдар 5% түздү. Эгер бул көрсөткүч 20% жетсе, убактылуу карантин киргизилиши мүмкүн.

Дарыгерлер оорудан сактануу үчүн адам көп чогулган жерлерге барбоого чакырат. Ошондой эле беткап кийип, имунитетти көтөрө турган витаминдерди жана тамак-аш азыктарын пайдаланууну сунуштайт.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM