Биз менен байланышыңыз

Быйылкы “Тоолор жылында” эмне иштер жасалды?

Коом | 12 Дек 2022 | 839 | 0

11-декабрда тоолордун эл аралык күнү белгиленди. БУУда кабыл алынган эл аралык тоо күнү жөнүндө чечимдин тарыхы Кыргызстандан башталат. 2002-жыл Кыргызстандын сунушу боюнча дүйнөдө Эл аралык тоо жылы болуп жарыяланган. Ошол жылы октябрда Бишкекте биринчи тоо саммити өтүп, Бишкек тоо платформасы кабыл алынган. Ошондон кийин БУУ 11-декабрды Эл аралык тоо күнү деп жарыялаган.

Президент Садыр Жапаров «2022-жылды Тоолордун экосистемаларын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө» жарлыкка кол койгон.

Кыргызстандын демилгеси менен Бириккен Улуттар Уюму 2022-жылды — «Эл аралык тоолор жылы» деп жарыялады.

Быйылкы жыл жыйынтыкталып жатат, тоолордун экосистемасын коргоого багытталган алгылыктуу эмне иштер жасалды? 

Тоо Жер планетасынын үстүңкү катмарынын төрттөн бир бөлүгүнө жакынын ээлейт жана дүйнө калкынын дээрлик 10% үйү катары эсептелинет. Ал ошондой эле жан-жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн көптөгөн уникалдуу түрлөрү үчүн корук катары да саналат.

Кыргызстандын аймагынын 75% тоолор ээлейт. Ɵлкөнүн бүт аймагы деңиз деңгээлинен 500 метрден жогору бийиктикте жайгашкан.

Бирок акыркы жылдары тоолордун экосистемасы корголууга муктаж болуп жатканын адистер айтып келет.

2022-жылды «Эл аралык тоолор жылы» деп жарыялоо демилгесин президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын сентябрдагы 76-сессиясынын жалпы дебатында жарыялаган. Бул 2002-жылы өткөн Биринчи глобалдык Бишкек тоо саммитинин 20 жылдыгын белгилөө максатында демилгеленген.

Анын алкагында «Жашыл мурас» деп аталган улуттук долбоор башталып, кеминде 5 миллионго жакын көчөт отургузуу планы каралган жана ушул күнгө чейин өлкөнүн бардык аймактарында миңдеген көчөттөр тигилди.

Бирок ирригация, сугат маселеси көңүлгө алынбай, бийлик эски система менен ишембилик өткөрүп жатат деп сын айткандар да болгон.

Тоо-кен илими боюнча адис, эколог Рыскул Усубалиев тоолордун экосистемасын сактоого багытталган ири жана көзгө көрунүктүү иш-аракет катары  “Жашыл мурас” акциясы болгонун белгилейт.

Мындан сырткары бул маселени талкулоо, чечүү жолдорун издөө максатында илимий изилдөөлөр, конференция, тегерек столдор уюштурулганын айтты.

Ал тоолордун экосистемасын коргоодо бак тигүү акциясы жакшы жардам бергенине ишендирди.

“Токойлорду жоготпой, жакшы сактасак – бул көп тармактан бизге пайда алып келет. Биринчиден, биздин тоолордогу суулардын молдулугуна өбөлгө түзөт. Экинчиден, ошол жакта жашап жаткан жаныбарларга жана жалпы экосистемага оң таасирин тийгизет.

Ал үчүн биз тоолордогу токойлорду сактап калууга, көбөйтүүгө аракет кылышыбыз керек. Бул баардык чөйрөдөн бизге бир гана пайда алып келет”.

Анткен менен үч жума мурун президенттин “Жашыл мурас” долбоорунун алкагында отургузулган көчөттөр куурап калганы туурасында макаланы ПолитКлиника маалымат булагы жарыялаган.

Анда Чүй облусунун Токмок лесхозундагы Ак-Бешим участогунда жайгашкан токой чарбасына быйыл жазында “Жашыл мурас” улуттук долбоорунун алкагында 10 гектар жерге жаңгактын көчөттөрү отургузулган. Бирок ал көчөттөр тигилгени менен, суу жетпей куурап калганын Токмок шаарынын жашоочусу айтып берген.

Бул маселе боюнча Экология министрлигине кайрылганыбызда, алгылыктуу жооп ала алган жокпуз. Ведомствонун басма сөз катчысы Айсулуу Исабек кызы отургузулган көчөттөргө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жооп берерин билдирди.

Анын айтымында, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү отургузулган көчөттөргө мониторинг жүргүзүп министрликке отчёт берип турат. Бирок, канчасы жараксыз болгону, ал үчүн жаза каралганбы белгисиз болууда.

“Жашыл мурас” долбоорунун алкагында бүгүнкү күндө өлкө боюнча 7 миллиондон ашык көчөт 4 миң 200 гектардай аянтка отургузулду. Алар жазгы жана күзгү көчөт отургузуу деп бөлүнөрүн Айсулуу Исабек кызы айтып берди.

“Отургузулган көчөттөрдү суугаруу иштерин, алардын тамыр алышын, жашап кетүүсүн көзөмөлдөө иштери жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө жүктөлгөн. Алар мониторинг жүргүзүп биздин министрликке отчёт берип турушат”.

Акыркы жылдары адистер Кыргызстандын башкы байлыктарынын бири мөңгүлөрдүн жок болуп кетүү коркунучу бар экенин эскертип келишет. Активисттер, экологдор коомчулуктун көңүлүн тез эрип жаткан мөңгүлөрдүн маселесине буруп, глобалдык жылуулук шартында сууну сарамжалдуу колдонууга, мөңгүлөрдү сактап калууга үндөйт.

Гляциолог – мөңгүлөр боюнча адис Руслан Кенжебаев мөңгүлөрдү сактап калуу мүмкүн эместигин, себеби бул глобалдык процесс болуп жатканын түшүндүрдү.

Анын айтымында, бул процессти көзөмөлдөп, мөңгүлөрдөн аккан сууну пайдалануу боюнча божомолдорду айтып туруу зарыл.

Адис климаттын өзгөрүп жатканына байланыштуу конкреттүү иш аракеттер көрүлүшү керектигин белгиледи.

“Азыркы убакта климаттын жылуулануу процесси жылдан-жылга күчөп бара жатат. Ошого жараша иш-чараларды да көрсөк туура болот. Мисалы: Айыл чарба өсүмдүктөрүн климатка жараша өстүрүү керек. Мурда өстүрүп жүргөн азыктарды эмес, климаттын шарттарында өскөн кайсы өсүмдүктөрболорун аныктап алып үстүнөн иш алып баруу керек.

Алыскы суук аймактарда, мисалы Нарын, Чоң-Алай айылдарында биз: “Суукта өспөйт”, — деп эле эч нерсе өстүрбөйбүз. Жок, жерди айдап, отургузуп анан көрүш керек. Башында сыноо иретинде да баштаса жакшы болот эле”.

Талдоочулардын айтымында, КМШ өлкөлөрүнүн арасында мөңгүлөрдү изилдөө боюнча Кыргызстан алдыда турат. Бирок бул көйгөй Борбор Азияга бирдей таасир тийгизгени үчүн биргеликте иш алып барса натыйжалуу болот.

1970-жылдары советтик илимпоздор Кыргызстанда жалпысынан 8 миң мөңгү бар экенин изилдеп чыккан. Азыркы күндө алардын саны 10 миңге жакындап, бирок негизинен аянты кыкскарып жатат. Анткени айрым чоң мөңгүлөр эки-үчкө бөлүнүп кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM