Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан экинчи жаңы Airbus H145 тик учагын сатып алды

Кыска кабар | 11 Дек 2022 | 346 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-декабрда, Кыргызстанга келген экинчи жаңы Airbus H145 тик учагында айланып учуп, сыноодон өткөрдү.

Республикалык бюджеттин эсебинен Германия Федеративдүү Республикасында сатылып алынган жаңы тик учак Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин балансына өткөрүлдү.

Airbus H145 эң акыркы навигация жабдуулары, автопилот, TAS 620 жолдогу жагдайды эскертүү системасы, кошумча абаны тазалоо системасы жана башкалар менен жабдылган.

Жаңы техниканы колдонуу кырсыктардын алдын алууга жана алардын кесепеттерин жоюуга, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү убактысын кыскартууга мүмкүндүк берет.

Copyright © 2017 Maral FM