Бүгүн өлкөдө телерадио кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленүүдө. Себеби 1958-жылы ушул күнү Кыргызстанда эң алгачкы телеберүү эфирге чыккан. Бүгүнкү күндө расмий маалыматтарга таянсак, мамлекет боюнча 177 көз карандысыз телерадиокомпания ишин жүргүзүүдө. Айрым медиа тармагы боюнча адистер Кыргызстандын телерадио тармагы дүйнөлүк тенденциядан артта калып жатканын айтышууда. Кыргызстандагы телерадионун азыркы абалы кандай? Алдыда кандай келечек күтүп турат? Өнүктүрүүгө багытталган кандай кадамдар ташталыш керек?
Кыргызстанда 64 жылдан бери 7-декабрь күнү телерадио кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленип келет. Буга байланыштуу жыл сайын өлкө боюнча бир топ иш-чаралар уюштурулат.
«Журналисттер» коомдук бирикмесинин жетекчиси Нурдин Дүйшөнбеков телерадио кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, телерадионун азыркы күндөгү абалына токтолду.
Анын айтымында, блогерлер салттуу журналистиканы алмаштыра албайт.
«Бүгүнкү күндө теле жана радионун орду чоң. Учурда интернет тармагы өнүккөнүнө карабай, телевиздорду көргөн, радиону уккан адамдар бар. Алар аркылуу эл өзүнө керектүү маалыматтарды алып турушат. Жаңы ыкмалар кирип, жаңы жанрлар да пайда болуп жатат. Кыргызстандын медиа тармагы өнүгүү багытында келе жатат. Аудитория бир эле убакта саясат, билим берүү, экономика жана башка тармактар боюнча маалымат алууга мүмкүнчүлүгү бар».
Акыркы беш жылда ЖМКлардын саны 12%га көбөйгөн. Статистикалык маалыматта өлкөдө учурда 177 көз карандысыз телерадиокомпания иш жүргүзүп жатканы айтылган.
«Борбор Азия» медиафондунун директору Ибраим Нуракун уулунун айтымында, өлкөдө телевизор көргөндөрдүн жана радио уккандардын саны барган сайын азайып жатат.
Бирок ал келечекте Кыргызстандагы телерадио тармагында чоң өзгөрүүлөр күтүп турарын белгиледи.
«Элдин көпчүлүгү интернет технологияга байланыштуу телевизор көрбөй, радио да укпай жатышат. Баары телефон аркылуу маалымат алып башташты. Барган сайын алардын саны азайууда. Ошондуктан биздин телеканалдар, радиолор жаңы форматка өтүүгө мажбур. Мобилдүү түргө өтүүгө учур келди. Мисалы, дүйнөдөгү белгилүү телеканал, радиолор жаңы медиа деп, өзүнүн контенттеринин баарын интернет тармагынын форматына ылайыктап чыгара баштады. Кыргызстандын да медиа тармагы бул системага өтүшү керек».
Кыргызстандагы алгачкы интернет ТВлардын бири «Говори ТВнын» жетекчиси Кайыргүл Урумканова телерадионун аудиториясын кеңейтүүгө, ошондой эле алардын ишин өнүктүрүүгө багытталган кандай өзгөртүүлөрдү киргизүү керектигин айтып берди.
«Негизи телерадионун келечеги бар. Радио жааты азыркы учурда өзүнүн подкасттары менен деңгээлин көтөрүп жатат. Аудиторияны өзүнө тартуу үчүн телевидениени жаңы форматка өзгөртүү керек. Ошондо гана келечеги жакшы болот. Азыркы учурда телевизорду улгайган жана аймактарда жашаган адамдар гана көрүп калышты. Ал эми жаштар азыр телевизор, радиого көп кызыкпайт. Аларды кызыктыруу, тартуу үчүн жаңы жолдорду табуу керек. Телевизорсуз эле тиркемелер аркылуу теледеги жасалган контентти жаштарга жеткирсе болот».
Ал эми журналист Эрнис Кыязов теле жана радио тармагын өнүктүрүүдө алдыңкы өлкөлөрдүн тажрыйбасын колдонсо болорун айтат.
«Теле тармагын өнүктүрүү үчүн Кыргызстанда каражат жетишсиз. Сапаттуу берүү чыгаруу үчүн жетиштүү каражат керек», — дейт журналист.
«Акыркы убакта телевизор көргөндөрдүн, радио уккандардын саны азайып баратат, эл маалыматты социалдык тармактардан алып баштады деген сөздүн кайсы бир деңгээлде чындыгы бар. Алдыңкы өлкөлөрдүн тажрыйбаларын карайбыз. Биз алардан бир канча арттабыз. Бирок айланып келип эле анын баары акчага такалат. Акча жетиштүү болсо, мыкты сапаттагы техниканы сатып аласың. Башка өлкөлөрдүн телестудиясы, студиядагы техникалар, жабдыктардын баары сапаттуу. Техника бул акчага келет. Ал эми мыкты кадрлар болушу үчүн, ага да каражат керек».
Адистердин пикиринде теле жана радио эч убакта толугу менен жок болуп кетпейт, болгону заманга жараша жаңы форматтарга ылайыкталып, улам жаңыланып турат.