Гидроэлектрэнергия жана газ таңкыстыгынан улам Кыргызстандын көпчүлүк тургундары кышында үйүн жылытууга жана электр менен камсыздоого көмүрдү колдонот. Бул абанын булганышына алып келген негизги факторлордун бири.
Өлкөдө электр энергиянын булагы — гидроэлектрстанциялар аркылуу иштелип чыгат. Былтыр кургакчылыктан улам суу таңкыс болгон. Айрым эксперттер акыркы жылдардагы эң чоң энергетикалык кризис жаралышы мүмкүн деп кооптонуп турушат. Ошол себептен электр энергиясын үнөмдөөчү ыкмаларга өтүү зарылчылыгы турат.
Мындай практика Кыргызстанда 10 жыл мурун колдонула баштаган.
2013-жылдан бери өлкөдө туруктуу энергияны каржылоо программасы, башкача айтканда KyrSEFF долбоору ишке ашырылып келет. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын программасы биринчи жана экинчи фазасын аяктап, үчүнчү фазаны баштайт.
Бүгүнкү күнгө чейин KyrSEFF насыяларынын жардамы менен кыргызстандыктар үйүн жылуулатып, энергияны аз коротуучу жарыктар орнотулуп, ошону менен жылуулатууга аз акча коротуп жана атмосфераны азыраак кирдетип жатышат.
Ал эми долбоор ийгиликтүү ишке ашырылса, мисалы, үй жылууланып, электр энергиясына кеткен чыгаша азайса, Европалык союз жеңилдетүү максатында насыянын суммасынын 15-35% грант катары берет.
KyrSEFF тарабынан берилген кредитти жана Евросоюздун грантын бир гана жеке жактар эмес, ишкерлер да ала алат.
Долбоордун башкы инженери Салават Сооронбаев 10 жылда “жашыл” инвестицияларды илгерилетүүдө кандай натыйжаларга жетишилгенин айтты:
“10 жылдын ичинде биз бизнес чөйрөсүндөгү 190дон ашык ишкерге колдоо көрсөттүк. Мындан сырткары 3300дөн ашуун жаранга үйүн жылытуу үчүн жардам бергенбиз. 10 жылдын жыйынтыгын алсак, жылына 200 миң МВт/ саат энергияны үнөмдөөгө, 153 600 м3 сууну үнөмдөөгө жана жылдык СО2 эмиссиясын 67 000 тоннага чейин кыскартууга жетиштик”.
Ал эми туруктуу энергияны каржылоо программасынын III фазасынын алкагында өлкөдөгү чакан жана орто бизнести жана үй чарбаларды насыялоо үчүн өнөктөш банктарга, финансылык институттарга 50 миллион долларга чейинки суммада акча каражаттары жөнөтүлөт.
Ошондой эле аталган программа энергияны үнөмдөөчү технологиялардын маалымат базасы болгон жана KyrSEFF веб-баракчасында жайгаштырылган Жашыл технологиялардын селектору онлайн платформасында катталган материалдарды, жабдууларды жеткирүүчүлөргө жана өндүрүүчүлөргө каржылоону сунуш кыла алат.
Жаратылышты, климатты сактап калууга ар бир жаран салым кошушу керек. Бул үчүн калк электр энергияны колдонууда үнөмдөөчү каражаттарга жана жаңыча ыкмаларга өтүшү керектигин энергия натыйжалуулук жана энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча эксперт Бакыт Аскарбеков белгилеп, кандай артыкчылыктар пайда болорун мындай түшүндүрдү:
“Мен кечээ бир аналитикалык макаланы окудум. Анда “2080-жылы Борбор Азия мамлекеттеринде 2 градустан 5 градуска чейин температура көтөрүлөт” деп жазылган экен. Бул чоң катаклизм болушу мүмкүн дегенди түшүндүрөт. Ошол себептен ар бирибиз жаратылышка, айлана-чөйрөгө өзүбүздүн мамилебизди өзгөртүп, ар бир жаран үйүнө электр энергияна үнөмдөөчү каражаттарды колдонушу абзел”.
Энергетика маселелери боюнча эксперт Нурзат Абдырасулова энергоэффективдүүлүк Кыргызстан үчүн абдан керек деп эсептейт. Ал өлкөдөгү турак жайлар энергоэффективдүүлүктү колдонбой салынганын эскертип, 70%га чейинки энергия абага чыгып кетип жатканын айтты. Эксперт мамлекет энергияны эффективдүү пайдалануу саясатына өтүшү керектигин билдирди.
“Энергоэффективдүүлүк саясатын жүргүзүү, ага умтулуу, мүмкүнчулүктөрдү түзүү, ошол эле финансылык каражаттарын бөлүү – Кыргызстан үчүн абдан маанилүү. Эгерде биз энергияны үнөмдөөгө үйрөнсөк, эртеңки күнү өзүбүздүн экономикага жана энергетикалык көз карандысыздыкка жакшы өбөлгө түзөт. Эртең биздин өлкө электр энергияны импорттобой калат деген сөз. Ошол эле тапта жашыл технологияларды колдонуу менен жарандардын ден соолугу жакшырат, абанын сапаты оңолот, экологиялык жактан бир топ пайда алып келет. Ал эми экономикалык жактан үй-бүлөлүк чөнтөккө келген күчтүк азайышы болот.
Кыскасы эгерде биз энергияны үнөмдөгөнү үйрөнүп алсак – бул экономикалык, экологиялык, социалдык жактан дагы бири бирине байланышка жакшы нерселерге алып келет”.
Жаңы программа АКШ валютасында жана сом менен да каржылоону караштырып жатат. Ал Кыргызстандагы энергетикалык ресурстарынан көз карандылыкты жана энергия сыйымдуулугун азайтууга жардам берери күтүлүүдө.
Ошондой эле аталган программа суу-энергетикалык ресурстардын жетишсиздиги, кыртыштын эрозиясы жана деградациясы, гидрологиялык мүнөздөмөлөрдүн өзгөрүшү сыяктуу актуалдуу экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берет.
ЕРӨБ бүгүнкү күнгө чейин өлкөдө 213 долбоорго 922 миллион евро инвестициялаган, инвестициянын басымдуу бөлүгү жеке ишкердикти колдоого багытталган.
Борбор Азия өлкөлөрү эгемендүүлүгүнүн 30 жыл аралыгында өздөрүнүн ички энергетикалык абалын жакшыртуу, жаңылоо үчүн мамлекеттик каражаттарын, сырттан алынган насыяларды сарптап, эл аралык уюмдардын гранттарын алышты. Бирок көмүр — жылуулук жана электр энергиясынын негизги булагы бойдон калууда.