Биз менен байланышыңыз

Депутат прокуратурага байланыштуу экинчи мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду

Кыска кабар | 7 Дек 2022 | 488 | 0

«Ата-Журт-Кыргызстан» фракциясынан депутат Жеңишбек Токторбаев прокуратуранын ишмердүүлүгүнө байланыштуу кезектеги экинчи мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды.

Маалыматка караганда бул жолу «Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө» конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталып жатат.

Депутаттын айтымында, бул долбоор прокуратура органдарын сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүп жатканда коррупциялык көрүнүштөрдү жана кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүү, тергөөнү жүргүзүү боюнча прокуратура органдарынын ыйгарым укуктарын алып салуу аркылуу укук коргоо органдарынын тутумундагы ооздуктоо жана каршы салмак принцибин камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.

Кечээ, 6-декабрда Токторбаев прокуратуранын тергөөнү жүргүзүү функциясын алып, аны ички иштер кызматкерлерине жана улуттук коопсуздук органдарынын тергөөчүлөрүнө өткөрүп берүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштаган.

071222144508_Прокуратура ж-дө КМ долбоору КЫРГ

071222144522_Прокуратура ж-до Маалымкат КЫРГ

071222144546_Прокуратура ж-дө КМ салыштырма таблица КЫРГ

Эске салсак, 30-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Жеңишбек Токторбаев менен Шайлообек Атазовдор Башкы прокуратурадагы коррупциялык иштерди сынга алышкан, түштөн кийин алар прокуратурага суракка барышкандыктарын айтып чыгышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM