Биз менен байланышыңыз

Депутат прокуратуранын тергөө жүргүзүү функциясын алып салууну сунуштоодо

Кыска кабар | 7 Дек 2022 | 588 | 0

«Ата-Журт-Кыргызстан» фракциясынан депутат Жеңишбек Токторбаев «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгып коомдук талкууга койду.

Анын айтымында, мыйзам долбоорунун максаты прокуратура органдарынын тергөөнү жүргүзүү боюнча функцияларын алып салуу жана аларды ички иштер кызматкерлерине, улуттук коопсуздук органдарынын тергөөчүлөрүнө өткөрүп берүү болуп саналат.

Анткени колдонуудагы мыйзамдарга ылайык прокуратура органдары тергөөнү өздөрү жүргүзүп кайра тергөөнү жүргүзүү учурунда мыйзамдардын сакталышына көзөмөлдү өздөрү жүзөгө ашырат. Ошентип, коррупциялык көрүнүштөр жана кызыкчылыктардын кагылышуусу үчүн мүмкүнчүлүк ачылып, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттин күч-аракеттери начарлайт.

Депутаттын айтымында, укук коргоо органдарынын ишиндеги системалык кемчиликтер өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө терс таасир этип, мыйзамдын үстөмдүгүн жана адилеттүүлүктү камсыз кылбай жатат, ошондой эле системанын ичинде, ошондой эле коомдо карама-каршылыктарды жана жаңжалдарды түзүүдө.

Тергөө функцияларын прокуратура органдарынан алып салуу прокуратуранын ишин консолидациялоо үчүн өбөлгө болот жана мыйзамдын кадыр-баркын калыбына келтирүүгө жана бийлик институттарына жарандардын ишенимин көтөрүүгө багытталган кадамдардын бири болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM