Биз менен байланышыңыз

Курултайда сунушталган бир катар долбоорлор ишке ашырылат (тизме)

Кыска кабар , Пикирлер | 7 Дек 2022 | 1274 | 0

Элдик курултайда элден эки миңге жакын сунуш-долбоор түшүп, анын бир канчасын даяр концепция катары ишке ашырылышы мүмкүн. Бул тууралуу Элдик Курултайдын төрагасы Кадыр Кошалиев билдирди.

Анын айтымында курултайда элден эки миңге жакын сунуш-долбоорлор түштү. Алардын бир тобу даяр концепция, багыттама, долбоор форматында кагаз жүзүндө келип түшкөн.

Алар: “Өнүгүүнүн кыргыз жолу”, “Кыргыз мурасы”, “Манастөр”, “Нарктуу коом”, “Эл Банк”,  “Келечекке жол”, “Жаштык”, “Табиятка шайкештик”,  “Аялзат”,  “Энелер мектеби”, “Таштандысыз таза Кыргызстан”, “Салттуу билим”, “Жарык”, “Ден соолук булагы”, Медицина тармагы боюнча иш алып барган мамлекеттик “УЛУКМАН” илимий борбору, “Элдик дарыгерчилик жөнүндө” мыйзам долбоору, “Интегративная медицина”, “Единение”, “Баланс”, “Кванттык өтмөк”, “Айкөл”  адам таануу тренинг борбору ж.б.

Кошалиев билдиргендей, бул долбоорлорду ишке ашыруу үчүн “Элдик демилгелер борбору” маалымат-талдоо кызматы иштейт. Кийинки кадамдар “Элдик Курултай жөнүндө” мыйзамды кабыл алуу маселеси болот. Ошондой эле президенттин “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы” туурасындагы, “Улуттук нарк жөнүндө” чыгарган  ж.б. Жарлыктарын турмушка ашыруу багытындагы иштерге курултай көмөктөшөт. Курултайлардын ортосунда туруктуу иш алып барган, 21 адамдан турган Аксакалдар кеңеши ишке кирди. Аксакалдар, аялдар, жаштар,  билгилер, аймактар, чет өлкөлөрдөгү  мекендештер багытында иштер жүрмөкчү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM