Биз менен байланышыңыз

2040-жылга чейинки билим берүү системасын өнүктүрүү маселеси талкууланды

Билим-маданият | 6 Дек 2022 | 2871 | 0

Бүгүн Бишкекте Билим берүү жана илим министрлиги өнөктөштөр менен биргеликте өлкөдөгү билим берүү системасын өнүктүрүү маселесин талкуулады. Катышуучулар бир канча топко бөлүнүп, билим берүүдөгү жеткиликтүүлүк, сапат, каржылоо, санариптештирүү жана мугалимдердин өнүгүүсү боюнча сөз кылышты. Ошондой эле Кыргызстандын билим берүү системасын трансформациялоо боюнча жаңы идеялар аныкталууда. Адистер мындай талкууларда билим берүүдөгү реалдуу көйгөйлөр чагылдырбай жатканын сындашты.

Бүгүн 2021-2040-жылдарга Кыргызстанда билим берүүнү өнүктүрүү программасынын алкагында көйгөйлөрдү, алдыга чыгуу жолдору жана биргелешип колдоо көрсөтүү үчүн реформанын артыкчылыктуу багыттарын аныктоо максатында жыйын өттү.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова бүгүн министрлик эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте 2040-жылга чейин билим берүү системасын өнүктүрүүнүн жолдорун аныктап жатканын билдирди.

УБүгүн Билим берүү жана илим министрлигинин туруктуу өнөктөшү ЮНИСЕФ эл аралык уюму менен биргеликте Кыргызстандагы кесиптештерди, адистерди чакырып, 2040-жылга билим берүү кандайча өнүктүрүшүбүз керек деген суроонун үстүндө издендик. Ошондой эле ушул убакка чейин эмнелерге жетиштик? Кандай көйгөйлөр бар? Ушул көйгөйлөрдү чечүүнүн кандай конкреттүү жолдору бар? Ушул сыяктуу суроолордун алкагында бүгүнкү иш-чараны өткөрүп акылдашып, кеңешип жатабыз. Эмне үчүн бул иш-чара маанилүү? Анткени билим берүүгө сарпталган бир сом да жөн коротулбаш керек. Туура сарпталыш керек. Мындан сырткары артыкчылык багыттарыбыз кайсылар? Көйгөйлөр көп. Биринчи кезекте кайсы көйгөйлөрдүн үстүнөн иштеш керек? Ушул суроолордун жообун аныктап жатабыз».

Талкууга катышкандар атайын 5 топко бөлүнүп, билим берүүдөгү жеткиликтүүлүк, сапат, каржылоо, санариптештирүү жана мугалимдердин өнүгүүсү боюнча жетишкендиктерге баа берип, коюлган милдеттердин аткарылбай жаткан себептерин аныкташат.

ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Джольм Кыргызстанда билим берүү тармагына өзгөчө көңүл буруу керектигин айтат.

«Кыргызстан үчүн билим берүү тармагы абдан маанилүү. Биз бул секторду өнүктүрүүдө дүйнөлүк өнөктөштүктүн алкагында иштейбиз. Алардын бири ЮСАИД. Биз кыздардын билим алуусуна басым жасайбыз. Кыздар дагы бардык кесипти окууга мүмкүнчүлүктөрү бар. Мындан сырткары мүмкүн болушунча өлкө боюнча балдардын бардыгын мектепке, бала бакчага каттоого аракет кылабыз. Өнөктөштөр менен биргеликте иш алып баруу маанилүү».

Ал эми Жогорку Кеңештин экс-депутаты Адбувахап Нурбаев бүгүнкү иш-чарада маселелердин конкреттүү чечүү жолдору айтылбаганын сындады.

«Өлкөдөгү балдардын 97 пайызы мектепке барат деген маалымат жалган. Кыргызстанда 300-350дөй мектеп жетишсиз», — дейт ал.

«Бул иш-чара кандай жыйынтык алып келет белгисиз. Азыркы иш-чарада кооз маалыматтар эле берилип жатат. Мисалы, өлкөдө балдардын 97 пайызы мектепке барат деп жатышат. Бул туура эмес маалымат. Анткени Бишкекте эле бир мектепте бир класста 65 окуучуга чейин билим алат. Бишкекте эле 70 миң балага мектеп жетпейт. Бизде 125 миң бала ашыкча окуйт. Булардын баарын эске алганда, 300-350дөй мектеп жетпейт. Мына ушундай нерселерди ачык айтып, талкуулаш керек. Бул жерде донорлордун өкүлдөрү да олтурат. 2040-жылга бардык балдарды бала бакча, мектеп менен камсыз кылабыз дешти. Бирок анын планы же жолдору жок. Кайсы жолдор менен деген сунуштар болсо жакшы болмок».

Мындан сырткары бүгүн Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери, ЮНИСЕФ, ЮНЕСКО, Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, ЮСАИД, Сорос Фондунун өкүлдөрү менен 2021-2023-жылдарга билим берүүнү өнүктүрүү программасынын иш-аракеттер планын ишке ашыруудагы прогресстери да талкуулады.

Кошумчалай кетсек, кечээ 5-декабрда Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети 12 жылдык билим берүү сунушун четке каккан.

Copyright © 2017 Maral FM